«Кумтөр» компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат

«Кумтөр» компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат

Жарыяланган: 03 April 2013

Компания «Кумтор» представляет общественности полные тексты отчетов и основные выводы специалистов лабораторий Германии и Словении.Ар кандай эксперттердин, бир катар ведомстволордун жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн “Кумтөр” кен ишканасындагы экологиялык кырдаалга карата, компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн курчап турган чөйрөнүн абалына кыйратуучу таасир этет имиш деген билдирүүсүнө жооп катары “Кумтөр” компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат. Бул отчеттор Мамкомиссиянын заказы боюнча даярдалган, алар техникалык тапшырманын алкактарында Европа союзунда жана Германияда кабыл алынган нормативдерге жана процедураларга ылайык, “Кумтөр” кен ишканасында алынган үлгүлөрдү алууну жана анализдөөнү жүргүзүшкөн.

Атап айтканда немец эксперттери өз отчетунда төмөнкүлөрдү белгилешет:

«Суунун алынган үлгүлөрүндөгү химиялык элементтердин концентрациясы жана цианиддердин жана фториддердин концентрациясы негизинен табигый геохимиялык фондук деңгээлдерге ылайык келет. Аналитикалык көрсөткүчтөр бул изилдөө үчүн пайдаланылуучу үлгүлөрдү алуу точкаларындагы жер бетиндеги сууларда цианиддердин жана токсиндүү элементтердин ашыкча жогорку концентрацияларынын бардыгын тастыктабайт.
Кумтөр дарыясынын Кумтөр кен ишканасынан дээрлик 5 км төмөн жагындагы суусундагы сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын концентрациясы сезимтал суу организмдерине мүмкүн болуучу жагымсыз таасир этүүгө карата дагы тыкан изилдөөнү талап кылат окшойт. Бирок, дарыянын бул участогунда башка булактар да сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын деңгээлинин жогорулоосуна алып келиши же өбөлгө түзүшү мүмкүн экендигин да белгилеп коюу керек.

Кумтөр дарыясынын, Арабел дарыясынын жана Барскоон дарыясынын сууларынын сапаты Европа Кеңешинин 1998-жылдын 3-ноябрындагы адамдар керектөө үчүн арналган суунун сапаты жөнүндө 98/83/ЕС Директиваларынын чектүү маанилерине жана Европа Парламентинин жана Кеңешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы суу пайдалануу тармагындагы 2008/105/ЕС Директиваларынын Курчап турган Чөйрөнүн Сапатынын Стандарттарына олуттуу даражада дал келет. Бир гана нерсеси, Кумтөр дарыясында аммиактын, темирдин жана сульфаттын деңгээлдеринин чектүү маанилеринен ашып кеткен, Арабел дарыясында темирдин деңгээлинин чектүү маанисинен ашып кеткен. Эгерде бул параметрлерди жана мүмкүн микробиологиялык параметрлерди (алар бул изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталбаган) эске албасак, анда бул дарыялардын сууларын адамдардын керектөөсү үчүн жана малды сугаруу үчүн кооптонбостон колдонууга болот. Аммиактын, сульфаттын жана темирдин жогорулатылган деңгээлдери адамдар үчүн коркунуч жаратпайт.

Өнөр жай агындыларын тазалоочу жабдуулардан чыгарылган агынды сууларда аныкталган химиялык элементтердин жана цианиддердин концентрациялары агынды суулар боюнча Немец Токтомунун чектүү маанилеринен алда канча төмөн.

Тунган катмарлардын жана кыртыштын алынган үлгүлөрү химиялык элементтердин жана цианиддердин концентраттары көбүнчөсү Тянь-Шань тоолору үчүн мүнөздүү геохимиялык фондук концентрациялардын чектеринде экендигин көрсөтөт. Анализдик натыйжалар тунган катмарлардагы жана бул изилдөө үчүн пайдаланылуучу үлгүлөрдү алуучу точкалардагы топурактагы токсиндүү элементтердин жана цианиддердин ашыкча жогорку концентрацияларынын бардыгын тастыктабайт. Тунган катмарлардын жана кыртыштын алынган үлгүлөрүнүн суу элюаттары химиялык элементтердин жана аниондордун өтө төмөн концентраттарын көрсөтөт. Бир гана нерсеси, айрым үлгүлөрдө сульфаттардын деңгээли ашып кеткен.

Калдыктарды сактоочу жайдын көлмөсүнөн алынган пульпанын үлгүсү цианиддердин же токсиндүү элементтердин өтө жогорку концентрацияларын көрсөтпөйт. Бул үлгүдөн бөлүнүп алынган суу элюаты цианиддердин же токсиндүү элементтердин өтө жогорку концентрацияларын көрсөтпөйт».

Йозеф Стефан Институтунун лабораториясынын (Словения) адистери өз отчетунда төмөнкүлөрдү белгилешет:

«… Анализденилүүчү элементтердин концентрацияларынын курчап турган чөйрөдөгү деңгээлдери мындай өнөр жай ишканалары үчүн мүнөздүү чектерде болгондугун (Милачич жана башкалар, 2010) жана курчап турган чөйрөнүн булгануусун же зыяндалуусун көрсөткөн маанилерден төмөн болгондугун белгилеп коюу керек».

Эки лабораториянын тең отчеттору компания тарабынан расмий суроо-талапка жооп иретинде Мамлекеттик комиссиядан алынган.

Жогоруда аталган лабораториялардын отчетторунун толук тексттери менен корпоративдүү веб-сайттан таанышууга болот: www.kumtor.kg.
Отчет и основные выводы специалистов лабораторий из Германии

Отчет и основные выводы специалистов лабораторий из Словении