Ийгилик сыры: Кумтөрдүн жумушчуларынын демилгелери өндүрүштү жакшыртууга жана чыгымдарды үнөмдөөгө алып келди

Ийгилик сыры: Кумтөрдүн жумушчуларынын демилгелери өндүрүштү жакшыртууга жана чыгымдарды үнөмдөөгө алып келди

Жарыяланган: 07 June 2022

Кумтөр кенинин Кыргызстандын карамагына өтүшү менен компаниянын жумушчулары өздөрүнүн ишти жакшыртуу жана чыгымдарды кыскартуу боюнча идеялары менен  долбоорлорун  өндүрүшкө жигердүү киргизе башташты. Бул демилге жумушчулар өзгөчө сунуштары үчүн сыйланып, алардын ийгиликтүү инновациялары тууралуу жаңылыктары команда ичинде кеңири талкууга айлангандан бери ишке аша баштады.

Мындай жумушчулардын бири оор техникаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Сольпиев, ал өндүрүш процесстерин жакшыртуу менен бирге ишкананын чыгымдарын бир топ кыскарткан он чакты долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган.

Мисалы, ал өзү иштеп чыккан схеманын негизинде, экскаватордун негизги элементи – айланма подшипникти алмаштыруучу көтөрмө жабдык жасалган. Бул жабдууну жасап чыгарууга Новосибирскидеги «Гидроснаб» ишканасы киришкен. Натыйжада 1 миллион 800 миң доллар турган кымбат баалуу чет элдик жабдыкты сатып алуунун ордуна 380 миң доллар гана кеткен. Андан тышкары ишкана экскаватордун тетиктерин алмаштырган сайын дагы 50-80 миң доллардан үнөмдөйт, анткени тетик алмаштырууда иштөө мөөнөтү алты жумадан 1-2 жумага чейин кыскарган.

Сольпиевдин сунушу менен кышкысын самосвалдарда жайкы күйүүчү майды колдонуу долбоору да ишке ашырылып, жылына 7 миллион долларга чейин үнөмдөлөт. Бул үчүн ал стационардык жана мобилдик май куюучу станциялардын цистерналарына жылыткычтарды орнотууну сунуштаган.

Адистин айтымында, жаңы идеяларды түзүүдө жана ишке ашырууда, долбоор ишке ашыруу баскычында эле токтоп калбашы үчүн жетекчиликтин колдоосу чоң мааниге ээ.

“Тышкы башкаруу киргизилгенден бери көптөгөн идеяларда жылыш байкалууда. Мен ушуга кубанып жана шыктанып турам. Тышкы башкаруу киргизилгенге чейин бул иштер ачыкталчу эмес. Эми жаңы жетекчиликтин саясаты боюнча ишке киргизилген жаңы идеялары менен долбоорлору үчүн жумушчулар сыйланышат. Азыр көптөгөн жумушчулар мотивация алышып, ушул багытта иштеп жатышат», – деди Сольпиев.

Бирок анын идеялары өндүрүш процесстери менен эле байланыштуу эмес. Бөлүм башчысынын сунушу менен, калктын аярлуу катмары менен иш алып баруунун алкагында 2022-жылы жыйырмадан ашык жетим бала – 27-кесиптик мектептин бүтүрүүчүлөрү кенге жумушка алынды.

— Мен ата-энеси колунда бар стажер балдарды байкап жүрөм, бирок алардын жумушка кызыгуусу жок. Ал эми жетим балдардын көздөрү жанып, иштегиси келип, алар койгон максаттарына жетүүнү каалашат», – деп эсептейт Кеңеш Аскарович.

Ошондой эле адам ресурстарына карата эмгекке катышуу коэффициентин киргизүү сунушталган. Бул программа Кумтөрдөгү оор техника жана жүк-жүргүнчү техникасын тейлөө бөлүмдөрүнүн жумушчуларынын ишине жекече баа берүүнүн жана сыйлоонун эффективдүү инструменти.

200-300 миң долларга жакын каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берген Кеңеш Сольпиевдин дагы бир идеясы – бир катар подрядчылардын кызматынан баш тартуусу. Алардын жумушчулары компаниянын штатына алынып кыйла жакшы жумуштарга которулушту.

Бул долбоорлор каарманыбыздын ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлорунун чети гана. Алардын арасында CAT жана Cummins оор техникаларынын агрегаттарын жана тетиктерин оңдоо иштерин, Россия менен Казакстанда эмес, Кыргызстанда уюштуруу бар. Ошондой эле кендеги гаражды реорганизациялоо, шиналарды оңдоо жайларын көчүрүү жана башка көптөгөн долбоорлор кирет.

Кеңеш Аскаровичтин айтымында, адам өз ишин сүйсө өндүрүш да көтөрүлөт.