ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 02 June 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Юриспруденция», «Экономика», «Бизнести башкаруу», «Маалымат технологиялары» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Office, Google Docs, Zoom программаларында иштей билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Окутуу боюнча билдирмелерди иштеп чыгуу жана окутуу расписаниесин түзүү;
  • Ар кандай окутууларга кɵмɵктɵшүү;
  • Окутуу боюнча маалымат базалары менен иштɵɵ;
  • Документация менен иштɵɵ жана иш кагаздарын жүргүзүү.
  • Окутуу процессине техникалык, административдик жана уюмдук жардам кɵрсɵтүү.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.