ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 02 June 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн МАТЕРИАЛДЫК ТЕХНИКАЛЫК КАМДОО бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Материалдык-техникалык камдоо», «Логистика», «Экономика» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Office программасында иштей билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Жүктүк бажы декларациялары менен иштɵɵ;
  • Архивдик материалдар менен иштɵɵ;
  • Бажы жана башка мамлекеттик органдарга документтерди даярдоо жана тариздɵɵ;
  • Компаниянын ар кандай системалары менен иштɵɵ;
  • Товардын болушун камсыздоо жана тапшырыктар боюнча кызмат кɵрсɵтүү;
  • Товарлардын болушун жана сарптоосун кɵзɵмɵлдɵɵ;
  • Базарды жана бааларды анализдɵɵ;
  • Заказдарды экспедициялоо;
  • Отчетторду жана башка документтерди даярдоо.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.