ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 02 June 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ИНЖЕНЕРДИКГЕОЛОГИЯЛЫК бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Маркшейдердик иш», «Ачык тоо-кен иштери», «Жер алдындагы кендерди иштетүү», «Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Office, AutoCAD программаларында иштей билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Геодезиялык аспаптарды, куралдарды үйрөнүү жана өздөштүрүү, колдонуу;
  • Коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана геодезиялык куралдарды колдонуп картага түшүрүү;
  • Так жыйынтык алуу үчүн шлам пробаларын алуу усулдарын үйрөнүү;
  • Карьердин бооруна көзөмөл чекиттерин орнотуу жана алардан маалымат алуу инструкцияларына ылайык коопсуз жумуш аткаруу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана маалымат алуу;
  • Калдыктарды жөндөө объектилерине карата талаптарды өздөштүрүү;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Тоотектердин физикалык-механикалык сапаттарынын жана жардыруу иштерининин параметрлеринин жардыруу ишинин сапатына таасири;
  • Тоо-кен иштеринин планын түзүү методикасын үйрөнүү;
  • Документтер менен иштөө.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтөр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.