ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 02 June 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАНЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Инженер-механик» адистиги боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Project, AutoCAD программаларында иштей билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Бузулбас козомол методу боюнча жабдууларды текшерүү;
  • Жабдуулардын вибрациондук анализи;
  • Жабдуулардын термографиясы;
  • Жабдуулардын мониторинг маалыматынын негизинде жабдуулардын техникалык тейлөөсү боюнча сунуштарды даярдоого катышуу.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтөр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ Следующая публикацияЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.