ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 24 July 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАНЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • Инженер-механик, Химик-технолог, Инженер-химик адистиги боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Project, AutoCAD программаларында иштегенди билүү;
  • Англис тилин жакшы билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Өндүрүштүк жабдууларды техникалык тейлөө боюнча бардык процесстерди жана ыкмаларды изилдөө;
  • Алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк жабдуулар боюнча алдын алуу текшерүүлөрдү жана инспекцияларды жүргүзүү;
  • Алтын ылгоочу фабриканын жабдуулары боюнча отчеттук иштерин жана алардын ишке жарамдуулук тууралуу жумуштарды алып баруу;
  • Долбоордук жумуштарга катышуу.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтөр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Сынакка катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 6-август күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп белгилеп коюу керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияПЛАНДАШТЫРУУ АДИСИ Следующая публикацияАЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО БОЮНЧА КЕНЖЕ ИНЖЕНЕР (КУМТӨР КЕНИ)
© 2011-2022 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.