ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 02 June 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ТООКЕН ӨНДҮРҮШТҮК БӨЛҮМДҮН ДИСПЕТЧЕРДИК КЫЗМАТЫНА эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Тоо-кен иши» же «Маалымат системалары жана технологиялары» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Office жана маалымат базасылары менен иштей билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • «Mine Sense» тоо-кен паркын башкаруу программасын үйрөнүү;
  • Өндүрүмдүүлүк отчетторун көзөмөлдөө жана убагында анализдөө;
  • Маалымат базасылары менен иштөө;
  • «Mine Sense» программасын боюнча билимин жана жөндөмдөрүн тереӊдетүүгө арналган тапшырмалар менен көнүгүүлөрдү аткаруу.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек ш.
  • Такшалма графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.