Бишкекте Эл аралык «Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү перспективалары» форуму өттү

Бишкекте Эл аралык «Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү перспективалары» форуму өттү

Жарыяланган: 21 October 2021

2021-жылдын 19-20-октябрь күндөрү Бишкектеги “Орион” мейманканасында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын демилгеси жана колдоосу менен “Кыргызстанда илим жана билим берүүнү өнүктүрүү перспективалары” эл аралык форуму болуп өттү. Форумдун башкы темасы катары Кыргызстандын билим берүү жана илим тутумун комплекстүү жаңылоо тууралуу талкуу болду. Форумга Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Индия, Бириккен Араб Эмираттарынын, Америка Кошмо Штаттарынын, Швейцария, Улуу Британия жана Германиянын билим берүү жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Илимдин, билим берүүнүн жана бизнестин интеграциясы – заманбап экономиканын негизи. Ири ишканалардын илимий мекемелер менен активдүү өз ара иштөө жана билим берүү чөйрөсүнө инвестициялоо практикасы дүйнөдө эчактан бери иштеп келет, бирок биздин өлкөдө мындай тажрыйба биринчи жолу болуп жатат.

Форумдун алкагында 20дан ашуун чет элдик жана улуттук баяндамачылар сөз сүйлөштү. Улуттук билим берүү жана илимди өнүктүрүү максатында келечектүү багыттарды аныктоо үчүн Кыргызстандын интеллектуалдык потенциалын, биздин чет элде жашаган мекендештерибизди, жана ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдү бириктирүү зарылчылыгы бар экени белгиленди.

КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Джуматаев, форум олуттуу долбоорлор үчүн баштапкы түрткү  болооруна ишенимин арттырды.   “Илимдер Академиясында цианиддерди колдонбостон алтынды казып алуу технологиялары боюнча сунуштар жана башка изилдөөлөр бар. Мурун да “Кумтөргө” кайрылганбыз, бирок бизди киргизбечи, ал эми азыр “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилиги өздөрү сунуш кылып жана чакырып жатышат, бул таң калычтуу нерсе”, – деди Мурат Джуматаев.

Азыркы учурда Кыргызстанда Улуттук холдингди түзүү иштери жүрүп жатат, ал Кыргызстандын бүткүл тоо-кен өнөр жай тармагын камтыйт. Холдингдин алкагында Коомдук илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча фонд түзүү пландалууда. Анын максаты дүйнөдөгү илимдин, билим берүүнүн жана практиканын алдыңкы жетишкендиктер деңгээлинде илимий изилдөөлөрдү өткөрүү жана кардларды даярдоо аркылуу өлкөнүн маанилүү көйгөйлөрүн эффективдүү чечүү.

Форумдун жыйынтыгында, анын катышуучулары бардык кызыкдар тараптарга кайрылып бул болочок фонддун ишмердүүлүгүн колдоого алуу боюнча резолюция кабыл алышты. Документте коомдун социалдык аярлуу катмарынан чыккан балдарды жана өспүрүмдөрдү окутуу үчүн шарттарды түзүү жана анын маанилүүлүгү тууралуу пункт өзүнчө белгиленди.

“Экономикадагы оң өзгөрүүлөр билим берүү системасын өнүктүрүүдөн башталаары илгертен эле бери баарына маалым. Балдар-бул ар бир өлкөнүн келечеги, үмүтү. Балага инсандык сапатты калыптандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзсөк, ага маанилүү билимдерди берип жана ахлак-адептүүлүккө үйрөтсөк, ошондо биз өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошобуз”, – деп белгиледи Маниш Вахи, АКШдагы  “Budbeed Learning LLC” компаниясыны негиздөөчүсү жана башкы директору.