Барскоон айылында жаңыртылган Маданият үйү ачылды

Барскоон айылында жаңыртылган Маданият үйү ачылды

Жарыяланган: 12 September 2013

В селе Барскоон открылся обновленный Дом культуры Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жаңыртылган Маданият үйүнүн ачылышынын салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын жашоочулары катышышты.

Барскоон айылындагы Маданият үйү 1959-жылы курулган жана андан бери бир да жолу капиталдык ремонт жасалбаган. Бүгүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттан жана “Кумтөр” компаниясынын финансылык колдоосунан улам жергиликтүү маданият очогу толук калыбына келтирилди. Маданият үйүнүн алдына тротуар плиткасы төшөлгөн, имараттын бет маңдайы ремонттолду, чоң залда ыңгайлуу креслолор, заманбап үн жабдуусу орнотулду, люстралар жана жарыктандыргычтар алмаштырылды, жаңы терезе пардалар жана сцена үчүн чоң көшөгө, жаңы эмерек сатып алынды. Жалпысынан айылдык маданият үйүнүн ремонтуна жана жаңыртылуусуна “Кумтөр” компаниясы 700 миңден ашуун сом бөлгөн.

– Маданият үйүнүн калыбына келтирилиши – бул барскоондуктарга зор белек. Ал айылдын майрамдык жана башка маанилүү иш чараларын өткөрүү борбору болуп калмакчы. Биз дагы бир жолу “Кумтөр” компаниясына жакшы сөздөрдү айтып жатабыз, ал дайыма биздин өтүнүчтөрүбүзгө көңүл бөлөт жана жардам берет. Мисалы, жакында “Кумтөрдүн” жардамы менен айылдын китепканасы үчүн китептер сатып алынды, маалымат тактайчалары орнотулду. Биз саясий оюндардан качабыз, ар кандай митинг-пикеттерди өткөрүүдөн алыспыз. Элге, өзгөчө жаштарга, бизге тынчтык жана туруктуулук керек деп баса белгилөө менен кайрылмакчымын, – деди салтанатта Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетов.