Ысык-Көл областынын малчыларына сыр чыгарууну үйрөтүшөт

Ысык-Көл областынын малчыларына сыр чыгарууну үйрөтүшөт

Жарыяланган: 11 June 2012

Ысык-Көл областынын малчыларына сыр чыгарууну үйрөтүшөт 2012-жылдын 13-июнунда Жети-Өгүз районунда кызыккан малчылар үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен «Сыр чыгаруу» темасында тренинг болуп өтмөкчү.

Тренингдин негизги бөлүгү «Жууку» жайлоосунда өтөт, анда катышуучулар сырды жасоо процесси менен гана таанышпастан, ага катыша да алышат. Практикалык курстун жүрүшүндө малчыларга өндүрүштүн гигиенаны сактоо, продуктыны жабдууну колдонбостон даярдоо жана талаа шарттарында сырды сактоо сыяктуу жактары жөнүндө айтып беришет.

Швейцариядан стажировкадан өтүшкөн тажрыйбалуу адистер тренер болушат. Тренинг аяктагандан кийин он беш үй-бүлө «Сыр Жууку» бренди астында сыр чыгаруу боюнча ишке кошула жана «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясына кире алышат.

Маалымат үчүн:

«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясы Ысык-Көл областынын өндүрүшчүлөрүнүн демилгеси боюнча Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) техникалык колдоосу астында Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкактарында түзүлгөн. Ассоциацияга ар бир эле кызыкдар жамаат же адам кошула алат. БАБП ассоциациясынын мүчөлөрү жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен «Ысык-Көл бренд» соода маркасы астында колдо жасалган уникалдуу продукция өндүрүшүүдө.