ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

Жарыяланган: 11 August 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын жетекчиси

Билдирүүнүн номери: KGC-22-232 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын уюштуруу;
  • Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен иш кагаздардын жүгүртүүсүн камсыздоо;
  • Документтер менен иштөө боюнча түзүмдүк жана регионалдык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруу, алардын ишинде уюштуруу жана методологиялык жардам көрсөтүү;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү;
  • Белгиленген тартипте иш кагаздардын, ошондой эле жарандардын кайрылууларын кабыл алуусун, каттоосун, аткарууга жөнөтүлүшүн жетекчинин тапшырмаларына ылайык аткаруу;
  • Негизги иш боюнча буйруктарды, жүктөрдү жөнөтүүгө/алууга ишеним каттарды, мекеменин атынан иш кагаздарды берүүлөрдү, телефонограммаларды жана факсограммаларды каттоо, эсепке алуу жана түп нускаларын сактоо;
  • Автоматташтырылган системаларды жакшыртууга байланыштуу иш кагаздар менен иштөөнүн жаңы технологиялык процесстерин киргизүү;
  • Чыгыш корреспонденцияны даректерине өз убагында жеткирүүнү камсыз кылуу;
  • Жетекчиликтин резолюциясында камтылган контролдук тапшырмалардын өз убагында аткаруусун анализдөө;
  • Жетекчиликти маалымдоо үчүн аткаруу дисциплинасынын абалы тууралуу маалымкаттарды, отчетторду даярдоо;
  • Келген жана чыккан корреспонденциянын аткарылышын контроль уюштуруу;
  • Иш кагаздар менен иштөө маселелери боюнча түзүмдүк жана регионалдык бөлүмдөргө уюмдук, методологиялык, практикалык жардам көрсөтүү;
  • Регионалдык бөлүмдөрдө иш кагаздарды жүргүзүүнүн тартибин уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү;
  • Ведомстволук архив менен иштөөнү уюштуруу, анын ичинде иштердин номенклатурасы менен иштөө, архивдик иштетүү, сактоо, иш кагаздарын жүргүзүүнү оптималдаштыруу, сактоо мөөнөттөрүнө жараша документтерди жок кылуу да кирет;
  • Эксперттик комиссиянын ишин уюштуруу.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку гуманитардык билим;
  • Тиешелүү кесиптик чөйрөдө (иш кагаздарын жүргүзүү) 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
  • Мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин расмий иш милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде билүү;
  • Тиешелүү чөйрөдөгү көндүмдөр жана жөндөмдүүлүктөр;
  • Стратегиялык иш пландоону жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонууну билүү;
  • Түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
  • Кыйын кырдаалдарды чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • Командада жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана өз ара бааарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;
  • Кызыкчылыктар конфликтине алып келген көйгөйлөрдү өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • Конфликттик жагдайларды жөнгө салуу;
  • Мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги ишкердик кат жазышуу көндүмдөрү;
  • Компьютердик жана офистик жабдууларды, керектүү программаларды колдонууну билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 26-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-232.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.