«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНЫН БАЛДАРЫН ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНЫН БАЛДАРЫН ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 31 December 2019

«Кумтөр» компаниясы жаңы жылдык майрамдардын алдында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, ошондой эле Балыкчы жана Каракол шаарларынын  балдарына 2604 белек тартуулады. Салттуу жаңы жылдык белектерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ошондой эле балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана өзгөчө муктаждыктагы балдар үчүн реабилитациялык борборлордун балдары алышты.

 

«Балдардын жылмайганын көрүү – биздин ишибиздин эң жагымдуу бөлүгү. Биздин компания экономикага кошкон салымынан тышкары, Ысык-Көл областын туруктуу өнүктүрүүдө жигердүү иштеп, кайрымдуулук иштерин дагы активдүү кылып келгени менен сыймыктанабыз», – деп белгиледи Байтикова Айгерим –КГК туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн аймактык кызматкери.

Жаңы жылдык майрамдардын учурунда белектер маданият үйлөрүндө жана мектептерде тапшырылды. Балдарга жаңы жылдык таттуулар балдардын тизмесин түзүп, область боюнча жаңы жылдык балдар майрамын уюштурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен жеткирилди.

Ысык-Көл областынын эң башкы балатысы Каракол шарында өтүп, балдарды Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Осмоналиев Акылбек куттуктап: «Бүгүн эң сонун иш чара өтүп жатат. Бул жерде 250 бала катышып жатат, биз аларды кубантууга, маанайларын көтөрүүгө аракет кылып, театрлаштырылган оюн койдук. Буга удаа эле область боюнча ушундай иш чаралар өтүп, анда шаар мэрлери, акимдер 1000дей баланы жаңы жылдык майрамы менен куттуктоодо. “Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз, Тоң райондорунан тышкары Балыкчы шаарына да 700 белек берип, биз аларды Каракол шаарында тапшырдык. Менин көз карашымда бул жыл сайын болуучу салттуу майрам биздин балдар алдындагы милдетибиз, жоопкерчилигибиз. Балдар биздин келечегибиз, биз аларга жакшы үлгү көрсөтүшүбүз керек. Бүгүн балдар менен бирге алардын ата-энелери жана туугандары катышып, балдардын эле эмес чоңдордун дагы маанайын көтөрдүк. Мен Ысык-Көл областынын бардык жашоочуларын жаңы жыл менен куттуктайм жана ар бир үй-бүлөгө ийгилик, бакубаттык, ден соолук жана сүйүү каалайм» – деп белгиледи.


Быйыл «Кумтор Голд Компани» региондорго  жалпы суммасы 990 926,16 сом болгон 2604 д. жаңы жылдык белектерди сатып алып, төмөнүдөй бөлүштүрүлдү: Балыкчыга – 712 белек, Тоң районуна – 482 белек, Жети – Өгүз районуна– 710 белек жана Караколдо 700 бала белек алышты.

Майрамга келген ата-энелердин бири Рано Ниязкулова өзүнүн алган таасирлерин төмөнкүдөй бөлүштү: «Кумтөр компаниясына ушундай иш чарага чакырганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биздин атабыз ардагер, балабыздын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Дагы бир жолу чакырууңуздар үчүн рахмат айтабыз. Баары сонун өтүүдө, баламдын маанайы көтөрүлдү. Жаңы жылыбыз жакшылыктын, барчылыктын жана жетишкендиктердин жылы болсун. Баарыңыздарга ийгилик каалайм жана Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!»