2022-жылдын январынан май айына чейин Кумтөрдүн 19 адиси Кыргызстандын ЖОЖдорунда 35 конок лекциясын өткөрүштү

2022-жылдын январынан май айына чейин Кумтөрдүн 19 адиси Кыргызстандын ЖОЖдорунда 35 конок лекциясын өткөрүштү

Жарыяланган: 09 June 2022

«Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдингдик компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүктүн демилгеси менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) университеттерде окугандардын кесиптик багытын өнүктүрүүгө жана окуу-методикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун биринчи баскычы «Кумтөр» кызматташтык жөнүндө тийиштүү меморандум түзгөн өлкөдөгү беш жогорку окуу жайды камтыды – Үсөнгазы Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу университети, К. И. Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети.

КГКнын кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмү кенже инженерлерден баштап ар кандай бөлүмдөрдүн жетекчилерине чейин Компаниянын бир нече мыкты адистерин ыктыярчы катары тартты. Натыйжада, 2022-жылдын январынан май айына чейин КГКнын 19 адиси Кыргызстандын ЖОЖдорунда 35 конок лекциясын өткөрүштү. Алар студенттерге Компанияда колдонулган иш ыкмалары жана алдыңкы технологияларды колдонуудагы жетишкендиктер тууралуу презентацияларды жасап, өздөрүнүн иш тажрыйбалары жөнүндө айтып беришип.   лекциялардын жүрүшүндө интерактивдүү оюндар өткөрүлдү. Ошондой эле сабактардын жүрүшүндө КГКнын кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жаштарга кендеги өндүрүштүк практика программасы жана жайкы практика жөнүндө толук маалымат беришти.

Жигердүү катышкан жана өзгөчөлөнгөн студенттерге компаниянын логотиби түшүрүлгөн белектер тапшырылды.

Долбоор кийинки окуу жылында да улантылат. Бул программага катышкан университеттердин жана КГКнын лекторлорунун санын кеңейтүү пландаштырылууда.