Жергиликтүү өнөктөштөрдүн тобу «Кумтөр» кенин көрүп келишти

Жергиликтүү өнөктөштөрдүн тобу «Кумтөр» кенин көрүп келишти

Жарыяланган: 10 May 2017

«Кумтор Голд Компанинин» жергиликтүү өнөктөштөрүнүн тобу таанышуу максатында кенге барып келишти. Сапаттуу товарлар жана кызматтары менен ишенчиликтүү өнөктөштүгү үчүн тандалган компаниялар кен ишканага экскурсияга чакырылган.

Ысык-Көл жана Чүй обулустарынын он эки өнөктөшү кендин иштеши жана алтын өндүрүү менен тааныша алышты. Алар карьер, алтын ылгоочу фабрика, турак жай лагери, ошондой эле оор техника оңдоочу жаңы устакана менен таанышты. Өнөктөштөрдүн айрымдары азык-түлүк менен камсыздайт, жана ага байланыштуу ашкананын иши жана азык-түлүк кампалары менен таанышуу шарты түзүлдү. Ошондой эле, өнөктөштөр өздөрү камсыздаган товарлар, материалдар жана көрсөткөн кызматы кандай жана каерде пайдаланганын көрүп-билип, өндүрүштөгү ээлеген орду жана маанисин түшүнүштү.

«Мен эмгек процессин өз көзүм менен көргөнүмө кубанычтуумун. Жаңылыктарды окуганда, баары дал ушундай экенин элестетүү мүмкүн эмес. Ишкананын масштабына таң калдым жана өлкөнүн алдыңкы ишканасы менен алака түзгөнүмө сыймыктанам. Эми мен башкаларга Кыргызстаныбызда ушундай жогорку технологиялуу ишкана тууралуу айтып берем»- дейт «Ак-Жалга» ЖАКтын чийки зат боюнча менеджери Каирбек Кожогулов.