«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК«КУМТОР» КЕНИНДЕ ЖАӉЫ КУРУЛУП/КӨЧҮРҮЛҮП ЖАТКАН ОБЪЕКТТЕРДЕ ӨРТ АНЫКТОО ЖАНА ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ СИСТЕМАСЫН ОРНОТУУ ЖАНА ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУСУ ТУУРАЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК«КУМТОР» КЕНИНДЕ ЖАӉЫ КУРУЛУП/КӨЧҮРҮЛҮП ЖАТКАН ОБЪЕКТТЕРДЕ ӨРТ АНЫКТОО ЖАНА ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ СИСТЕМАСЫН ОРНОТУУ ЖАНА ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУСУ ТУУРАЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Жарыяланган: 05 February 2021

Кабыл алуу жабык

КГК өзүнүн ылайыктуу дасыккан персоналы бар кызыкдар уюмдарды жана жеке ишкерлерди кызматташууга чакырат. Алар өз коммерциялык сунуштарын тандоо комиссиясына А4 форматындагы бекитилген конвертте, үстүнө «2021-2022 ж.а. Өрттү аныктоо жана өчүрүү системасын орнотуу жана ишке киргизүү» деп жазып 2021-жылдын 19-февралынын кечки саат 17.00гөчейинкөрсөтүлгөн даректердин бирине тапшыруусу керек: Бишкек ш., Ибраимов көч. № 24, 10 кабат, кабылдама (ресепшн); же Жети-Өгүз району, Тамга а., «Волна» маалымат борборуна.

ЖУМУШ АТКАРУУ ШАРТТАРЫ

  1. Монтаж жумуштар Бөдрөтчүнүн курал-шаймандары менен аткарылышы керек.
  2. Бөдрөтчүнүн персоналын жеке коргоо каражаттары менен камсыздоо Бөдрөтчүнүн эсебинен жүргүзүлүшү тийиш. Колдонулган (тастыкталган) ЖККнын тизмеси Жалдоочу менен макулдалышы керек.
  3. Бөдрөтчү өзүнүн персоналынын медициналык кароосун бийик толуу шартта иштегенге укук берүү менен КГКнын медициналык бөлүмүнүн талаптарына ылайык өткөрөт.
  4. Мындан тышкары, Бөдрөтчү жумуштарды аткаруунун алдында өзүнүн персоналынаCovid-19 боюнча өткөрүлгөн ПЦР жана ИФА тесттердин жыйынтыктарын көрсөтүшү керек.
  5. Бөдрөтчү Кызыл Крест/Кызыл Жарым Ай уюмунун стандарттары боюнча Биринчи жардам көрсөтүү курстарын өткөндүгү тууралуу сертификаттарды бериши керек.
  6. Монтаж жумуштары деӊиз деӊгээлинен 3600-4020 м бийик жайгашкан тоолуу шарттарда аткарылат.
  7. Бөдрөтчү Жалдоочунун орнотула турган жабдууларын бузгандыгы, сындыргандыгы жана зыян келтиргендиги, жана ошондой эле жарактан чыгаруусу менен жоготуусу үчүн жоопкерчилик тартат.

Жумуштарды аткаруу боюнча өзгөчө шарттар:

  1. Жалдоочунун тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдери менен эрежелерине ылайык Кумтөр кениндеги жаӊы курулуп/көчүрүлүп жаткан объектилерде өрт аныктоо жана өрттү өчүрүү системасын орнотуу. Тиркеме №1.
  2. Өрт аныктоо жана өрттү өчүрүү системасынорнотуу үчүн керектүү жабдуулар, шаймандар жана курулуш материалдарды Жалдоочу камсыздап берет.
  3. Өрт аныктоо жана өрттү өчүрүү системасы Кумтөр кенинин автоматташтырылган өрт сигналдарынын системасынын борбордук пультуна кошулушу керек.
  4. Монтаж жана ишке киргизүү жумуштары долбоордук документтерге ылайык аткарылыш керек.
  5. Долбоордук чечимдерге өзгөртүү киргизүүсү зарыл болсо, Бөдрөтчү Жалдоочу менен макулдашкан соӊ кабыл алынган долбоордук чечимдерге өзгөртүү же кошумча киргизүүгө укугу бар.
  6. Бөдрөтчү аткарылган жумушту Жалдоочуга жана өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнө пайдаланууга кабыл алуу актын түзүү аркылуу өткөрүп берет. Бөдрөтчүоӊ натыйжалуупайдаланууга кабыл алуу актысын алуу үчүн жооптуу.

Аткарылуучу жумуштардын талаптары жана көлөмү:

  1. Бардык жумуштар жумуштарды аткаруу графигине ылайык аткарылышы керек.
  2. Ар бир долбоор/көлөм боюнча график Бөдрөтчү тарабынан түзүлөт жана Жалдоочу менен макулдашылат.
  3. Өрт аныктоо жана өрттү өчүрүү системасын орнотуу жана ишке киргизүү жумуштарды аткаруу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн (датадан) ашпашы керек.

Тандоого катышуу өтүнмө пакетинде төмөнкү маалымат камтылышы керек:

  1. Толтурулган СЭКжанаКТ (ОЗТиПБ) системасынын баалоо формасы, Тиркеме №2.
  2. Уюмдун же жеке ишкердин каттоо күбөлүктөрүнүн, уставдын, уруксат жана лицензиялардын көчүрмөлөрү, салык органдарынан каттоо тууралуу жана карыздын жок болгондугу тууралуу маалымкаттар, иш партнерлордун тизмеси жана аткарылган жумуштардын кыскача баяндоосу, жана кепилдеме каттар;
  3. Өрт аныктоо жана өрттү өчүрүү системасын орнотуу жана ишке киргизүү боюнча кызматтардын баалары, жана бул баалар «бардыгы камтылган» негизде саналып берилиши керек (бардык салыктар жана милдеттүү чегерүүлөр, мастер-установщиктин туруктуу жумушу, жеке коргоо каражаттар менен камсыздоо,эмгек акы + командировка акылар, ар кандай үстөк акылар, сыркоолук баракчалары, кошумча чыгымдар, киреше ж.б.у.с.) Тиркеме№3;
  4. Жумушчулардын тизмеси жана кыскача резюмеси;
  5. Талапкер көрсөтүүсү зарыл жана керек деп эсептеген кошумча шарттар.

Бардык уюмдар өздөрүнүн коммерциялык сунуштарын өздөрүнүн эсебинен жөнөтүшөт жана жогоруда аталган КГКнын бардык шарттарын кабыл алышат. Чыгымдалган чыгашалардын ордун толтуруу сыяктуу доо-талаптар кабыл алынбайт. Кен жайга таанышуу максатында саякаттоо каралган эмес. Бардык талапкерлерге төмөндө берилген шилтеме аркылуу КГКнын сайтында жайгашкан Подряд кызматтарын көрсөтүү келишиминин жалпы шарттары менен танышууну сунуштайт: general-terms_contracting_2020_nov.pdf (kumtor.kg).

КГК келген сунуштарды толугу же бөлүгү менен кабыл алууга же четке кагууга, эӊ атаандаш коммерциялык сунуш бере алган жана КГКные талаптарына дал келген мыкты талапкерлерди тандаганга укуктуу. Ошону менен бирге, бардык шарттар бирдей аткарылган учурда, артыкчылык Жети-Өгүз, Тоӊ райондорунун жана Балыкчы шаарынын талапкерлерине берилет. КГК тандоодон өткөн талапкерлер менен гана байланышат.