Ысык-Көл областынын фермерлерине өрүктү эл аралык стандарттар боюнча өстүрүүнү үйрөтүшөт

Ысык-Көл областынын фермерлерине өрүктү эл аралык стандарттар боюнча өстүрүүнү үйрөтүшөт

Жарыяланган: 24 April 2012

Ысык-Көл областынын фермерлерине өрүктү эл аралык стандарттар боюнча өстүрүүнү үйрөтүшөт
2012-жылы 26-27-апрелде «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Барскоон айылындагы Регионалдык маалыматтык борборунда «Өрүк боюнча Кошумча Нарк Тизмегин Түзүү» долбоорунун алкактарында Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жашоочулары үчүн тренинг болот. Семинардык темасы: «Өндүрүштү башкаруу жана мөмө берүүчү бак өстүрүү».

Долбоор Герман эл аралык кызматташуу боюнча коомунун (GIZ) «Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө туруктуу көмөктөшүү» программасынын, «ICCO» голландиялык уюмунун жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу астында  «АгроЛид» Коомдук бирикмеси менен менен биргеликте жүзөгө ашырылууда.

Уюштуруучулардын максаты – жакшы таанылуучу «Кыргызстандын өрүктөрү» бренддин калыптандыруу. 2011-жылдын маалыматтары боюнча, Кыргызстан өрүк өндүрүү боюнча дүйнөдө 34-орунду ээлейт, а анын түшүмү жыл сайын 16 600 тоннадан ашуунду түзөт. Бирок Ысык-Көлдүн өрүктөрү Россиянын жана Казакстандын рынокторунда дайыма эле атаандаштыкка туруктуу боло бербейт.

Өрүк өндүрүүгө тартылган фермерлер бир катар кыйынчылыктарды белгилешет, алардын ичинде кошумча нарк тизмегинин принциптери билимдеринин, дарактарды коргоо боюнча тажрыйбаларынын жетишсиздиги, жаңы технологиялардын жана кайра иштетүүчү ишканалар жана соода компаниялары менен келишимдик мамилелердин жоктугу да бар.

Долбоордун алкактарында 16 тренер даярдалмакчы, алар өз кезегинде Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 240 фермерин GlobalGAP эл аралык стандарттарын эске алуу менен өрүктөрдү өстүрүүнүн жакшыртылган ыкмаларына окутушмакчы.

Жалпысынан тренерлер жана фермерлер үчүн 10 семинар уюштурулат. Биргелешкен долбоордун пландарында Ысык-Көл областында өрүктүн демо-питомнигин жана даярдоо пунктун ачуу да бар.

Маалымат үчүн:

Герман эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ) – германиялык федералдык компания, ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, өткөөл экономикасы бар өлкөлөрдө жана өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө адамдардын жана коомдордун өздөрүнүн келечектерин кеңейтүүгө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган ишмердүүлүктөрүн колдоого алат. GIZ туруктуу өнүктүрүү максаттарында Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнө алар эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө коюлган милдеттерди жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтөт. Андан тышкары, GIZ бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча эл аралык билим берүүчүлүк-агартуучулук ишмердүүлүгү менен алектенет.

GIZ «КРдагы туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү» программасы төрт компоненттен турат: реформалардын саясаты, кошумча нарк тизмектерин күчөтүү, жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү, финансыларга жеткиликтүүлүк. GIZ программасынын экинчи компонентинин  – Кошумча нарк тизмектерин күчөтүүнүн алкактарында 2012-жылы Кыргызстанда кошумча нарк тизмектеринин принциптери боюнча бир катар иш чаралар жана тренингдер өткөрүлмөкчү.

«АгроЛид» коомдук бирикмеси – айыл чарба консультациялык уюм, анын миссиясы консультациялык, билим берүүчүлүк жана маалыматтык кызматтарды берүү аркылуу Борбордук Азия боюнча агробизнестин катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу жолу менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

«ICCO» голландиялык уюмунун «Туруктуу адилет экономикалык өнүктүрүү» программасы негизги кызматтарга жетүүнү жакшыртуу, туруктуу экономикалык өнүктүрүү жана тынчтыкты жана демократияны бекемдөө үчүн иштеп жатышкан жергиликтүү уюмдарга жана тармактарга финансылык колдоо жана консультативдик жардам көрсөтүүчү, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык чиркөө уюму болуп саналат.

2012-жылга «Өрүк боюнча Кошумча Нарк Тизмегин Түзүү» долбоорунун алкактарындагы тренингдердин алдын ала графиги

Тренингдин темасы Айы, датасы
  • Долбоорго жана Өндүрүштү интеграцияланган башкаруу программасына киришүү
  • Мөмө берүүчү бакты жана өрүктөрдүн сортторун өстүрүү
  • Сезондук календарь
  • Технологиялык карта
26-27-апрель
Топурак жана жер семирткичтерди колдонуу аркылуу топурактын асылдуулугун жогорулатуу 10-11-май
Бакты анын илдеттеринен жана зыянкечтеринен интеграцияланган коргоо 24-25-май
Бакты суугаруу Июнь
Бакты анын илдеттеринен жана зыянкечтеринен интеграцияланган коргоо Июнь
Түшүмдү жыйноо жана экономикалык анализ Июль
Жыйнагандан кийинки технологиялар: мөмө-жемиштердин сапаттарынын стандарттары жана кайра иштетүү Июль
Маркетинг жана сатып өткөрүү. Кошумча нарк тизмеги Август
Дарактарды бутоо Октябрь