Кумтөр Балыкчы шаарындагы № 22 кесиптик лицейдин цехине заманбап жабдууларды сатып берди

Кумтөр Балыкчы шаарындагы № 22 кесиптик лицейдин цехине заманбап жабдууларды сатып берди

Жарыяланган: 02 March 2022

«Кумтөр Голд Компани» өлкөнүн алдыңкы адистештирилген окуу жайлары менен кызматташуу боюнча атайын программаларын ишке ашырат. Профессионалдуулукка карай жол жогорку сапаттагы прикладдык окуудан, анда окуучулар эмгекке керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүдөн башталаарын түшүнүп, Кумтөр Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейинин устаканасы үчүн заманбап станокторду сатып алды. Керектүү жабдууларга ишкана тарабынан 758 миң сом бөлүнгөн.

Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейдин директору Дүйшөнбек Жангазиев “Кумтөрдүн” жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

– Биз “Кумтөр Голд Компани” ишканасына автослесарларды даярдаган цехибизге жабдууларды жана окуу стенддерин сатып алууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Компания бул суроону мүмкүн болушунча тез чечип берди, Россияда жасалган заманбап станокторго буйрутма берип жана орнотуп беришти. Чоң рахмат! Азыр жумушчу кадрлар абдан керек, алар бардык жерде талап кылынууда. Жумушчу адистиктер үчүн конкурс жыл сайын өсүүдө. Биздин сертификатыбыз бүткүл КМШ боюнча таанылат.

Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейи автослесарь, шыбакчы-сырдоочу, газосварщик, электромонтер, ашпозчу сыяктуу жумушчу адистиктер боюнча квалификациялуу кадрларды даярдайт. Азыр лицейде 8 адистик боюнча 312 окуучу билим алат.

«Биздин шаардын бардык жеринде вулканизация пункттары бар, ал жерде жаш балдар иштейт, бирок алардын мындай аппараттарды колдонуу үчүн атайын билими жок. Алар коопсуздук боюнча окууларды өткөн эмес. Болгону алар колдон келишинче аракеттенип иштешет», – дейт лицейдин өндүрүштүк окуу мастери Бахтияр Нарынбаев.

Кумтөрдүн жардамы менен Балыкчыдагы адистерди даярдоо базасы жаңыртылгандан кийин, шаардык автосервистин ээлери аталган лицейдин базасында өз ызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну көздөшөт болушу керек, анткени бул көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулат – деп үмүттөнүшүүдө лицейдин мугалимдери.