Ысык-Көлдө экологиялык лагерь аяктады

Ысык-Көлдө экологиялык лагерь аяктады

Жарыяланган: 25 July 2014

2014-жылдын 25-июлунда Ысык-Көлдүн түштүк жээигнде «Кумтөр Голд Компанинин» колдоосу менен «Сарычат» коомдук бирикмеси уюштурган жайкы экологиялык лагердин 10-мааракелик агымы аяктады.

Жети-Өгүз районунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары лагердин катышуучулары болуп калышты. «Эдельвейс» пансионатынын (Чоң-Жаргылчак айылы) базасында уюштурулган лагерь быйыл 35 катышуучуну кабыл алды.

Сарычат-Эрташ коругунун кызматкерлери балдарга коруктун территориясында жашаган жана фотокармагычтар менен сүрөткө тартылган бардык жаныбарларды көрүү мүмкүнчүлүгүн беришти. Мындан тышкары, лагердин программасы өзүнө ар кандай экскурсияларды, экология темасына лекцияларды, ден соолукту чыңдоочу иш чараларды камтыды.

2014-жылдын агымы балдар уюштурган эң сонун концерт менен аяктады. Эки командага бөлүнүп алышып, балдар ар кандай: адабий, көркөм чыгармачылык конкурстарында ж.б. ат салышты. Эки команда – «Ак Илбирс» да, «Көк Арча» да мыкты натыйжаларды көрсөтүштү жана жюри бир добуштан достук жеңди деди. Балдарды ардак грамоталар менен сыйлашты, байгелерди беришти, а лагердин администрациясына «Кумтөр» компаниясы компьютер белек кылды.

«Лагерь иштеген он жылда анда 300дөн ашуун бала эс алды жана жаңы билимдерди алды. Алардын айрымдары университетти бүтүп, райондун мектептеринде биология же экология мугалими болуп калышты. Биз алар менен өтө сыймыктанабыз. Биздин лагердин программасы уникалдуу – балдарга профессорлор, коруктун кызматкерлери, Жапайы жаратылышты коргоонун бүткүл дүйнөлүк фондунун эксперттери жана башка өнөктөштөр лекцияларды окушат. Биз балдарды экология маселелерине кызыктыруу үчүн баарын жасайбыз – аларды жаратылышты сүйүүгө, өз жеринин курчап турган чөйрөсү жөнүндө кам көрүүгө үйрөтөбүз. Балдардын ой жүгүртүүсү жана алардын экологияга мамилеси кандай өзгөрүп жаткандыгын байкоо өтө кызыктуу», – деп белгиледи лагердин директору Ишемкул Асакеев.

«Биз «Сарычат» бирикмеси менен өнөктөштүккө кубанычтабыз, аны менен 10 жыл аралыгында биз жаш лидерлерди түзүүгө салым кошуу менен балдарды экологияга окуттук. Биз бул жоопкер жарандардын муунун тарбиялоого мүмкүндүк бергендигине ишенебиз», – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча менеджери Дуглас Гриер.