«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Бишкек шаарындагы Балдар үйүнɵ жардам кɵрсɵтүштү

«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Бишкек шаарындагы Балдар үйүнɵ жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 23 November 2015

2015-жылдын 20-ноябрында корпоративдик социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында «Кумтɵр Голд Компанинин» медициналык бɵлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын Адистештирилген балдар үйүндɵ Бүткүл дүйнɵлүк балдар күнүнɵ карата кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү.

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери каражат чогултуп, балдарга зарыл болгон гигиена каражаттарын жана оюнчуктарды сатып беришти. Мамлекет тарабынан мекемедеги балдардын тамактануусу, дары-дармектери, кызматкерлердин эмгек акысы жана коммуналдык кызматтар толук каржыланат. Ал эми кийим-кече, айрым дарылар, эмерек, имараттын ремонту, тиричилик каражаттар жана оюнчуктар сыяктуу калган муктаждыктар түркүн уюмдар менен жеке адамдардын садакаларынын жана кайрымдуулук эсебинен камсыздалат. Кесиптештерибиз Бишкек шаарынын Адистештирилген балдар үйүнɵ үзбөй жеке жардамын берип турушат.

Бишкек шаарынын Адистештирилген балдар үйүндɵ жаӊы тɵрɵлгɵндɵн баштап тɵрт жашка чейинки балдар турат. Балдар үйүнүн үй-бүлɵлик ресурстук борборунун жетекчиси Гүлайым Кошоеванын айтуусунда ал жакка түшкɵн балдардын саны жыл санап кыскаруу тенденциясы байкалат. Учурда 50дɵн 60ка чейин бала бар. “Биз дайыма жардамга кубанычтабыз. Кайрымдуулугуӊуздар үчүн рахмат! Сиздер сыяктуу адамдардын кɵӊүл бурусунан жана камкордугунан улам балдар зарыл камкордукту көрүп, жылуу жана ыӊгайлуу шартта тарбияланууда. Ушу курактагы балдардын ɵсүшүндɵ бул абдан маанилүү”, – деп баса белгиледи Гүлайым Сулаймановна.

Бул кайрымдуулук акциясына Руперт Рединг-Джонс, Анара Дɵɵлɵтова, Калыс Жумабаева, Виктор Красотский, Абас Мырзахат уулу, Тургун Токташ, Анатолий Фомин, Арнол Самиев, Анара Ɵтɵгɵнова, Марина Гаврилова катышты.