“Кумтөр” компаниясы айдоочулардын чарчоосун көзөмөлдөө системасын киргизет

“Кумтөр” компаниясы айдоочулардын чарчоосун көзөмөлдөө системасын киргизет

Жарыяланган: 12 October 2021

Айдоо учурунда кооптуу кырдаалдарды жана кырсыктарды алдын алуу үчүн “Кумтөр Голд Компани” ЖАК айдоочулар жана оор техниканын операторлору үчүн назар жана чарчоону контролдоо системасын киргизе баштады. Анткени, уйкусуроо, концентрациянын төмөндөшү, коопсуздук курун тагынбоо терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Жакында эле “Кумтөр” өзүнүн карьердик техника паркын жаңылады. Пилоттук долбоордун алкагында төрт машинага ар кандай компаниялардын айдоочулардын чарчоосун автоматтык түрдө контролдоо системасын орнотушкан. Атайын камера беттеги көптөгөн параметрлерди талдайт: көз караштын багытын, көз ирмөөнүн жыштыгын жана узактыгын, эстөөнүн болушун. Система адамдагы чарчоо жана жолдон алаксуу белгилерин байкаса, ал айдоочуга атайын үн белги берет. Мындан тышкары, бул түзүлүштөн маалыматтар дароо диспетчерге түшөт, ошону менен бирге бардык маалымат топтолуп жана талданат, ошентип кийин иш графигин түзүүгө жардам берет.

“Бул абдан керектүү жаңылык иш. Ар кандай жагдайлар болот. Кээде, айдап баратканда, күтүлбөгөн жерден уктагың келет. Мына ушундай учурларда, бул сигнал абдан зарыл”, – деп билдирди жаңы түзүлүштү сынап көргөн соң  “Катерпиллер” самосвалынын оператору Касымбек Баяманов.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча бөлүм башчысы Сергей Карымов мындайча түшүндүрмө берди: “Бул технология дүйнө жүзү боюнча көптөгөн алдыңкы ишканаларда ишке киргизилип жатат. Ал оператордун жүзүн таанып, андан кийин анын кыймыл-аракеттерине, анын алаксуу белгилерине реакция кылат. Бул жасалма интеллекттин бир түрү, ал адамдын абалын, анын айдоо стилин жана жол кыймыл коопсуздугун бузууларын аныктайт”.

Жаңы түзмөктөр Компанияда ишке киргизилген олуттуу коопсуздук чаралары менен коопсуздук эрежелерин толуктайт. Азыртадан эле тоо-кен техникасы автоматтык режимде “сокур зоналарга” мониторинг жүргүзүп, айдоочуга кыймыл тилкесинен чыгуу жана кагылышуу мүмкүн болгон учурлар тууралуу эскертүү берет.

КГКга тышкы башкаруу киргизилгенден бери, кен ишканасында иштердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн бир катар иш-чаралар иштелип чыкты, бул убакта олуттуу инциденттерге жол берилген эмес. Айдоочулардын чарчоосун көзөмөлдөө системасын киргизүү – тышкы башкаруу киргенден кийин “Кумтөр” кен ишканасында ишке ашырылып жаткан алдыңкы жаңылыктардын бири. Компанияда жүргүзүлүп жаткан сыноонун натыйжасында чарчоо системасынын өндүрүүчүсу тандалат. Андан кийин бул түзүлүштөр бардык карьердик техника паркына орнотулат.