«КУМТƟР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКу 2019-жылы Кумтɵр кенинде геологиялык чалгындоо иштеринин алкагында кошумча жумуш аткаруу үчүн ишканаларды кызматташууга чакырат.

«КУМТƟР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКу 2019-жылы Кумтɵр кенинде геологиялык чалгындоо иштеринин алкагында кошумча жумуш аткаруу үчүн ишканаларды кызматташууга чакырат.

Жарыяланган: 01 February 2019

кабыл алуу жабык

«КУМТƟР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК

2019-жылы Кумтɵр кенинде геологиялык чалгындоо иштеринде кызматташуу үчүн ишканаларды чакырат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК), 2019-жылдын геологиялык чалгындоо программасынын алкагында, тиешелүү шаймандар паркы жана квалификациялуу жумушчулары бар болгон, ошондой эле бургулоо жана тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксаты бар ишканалардан төмөнкү жумуштарды аткарууга сунуштарын кабыл алууга даяр.

Аткарылуучу жумуштардын түрлөрү:

Аткарылуучу жумуштардын акысын, жумуштарды бир даана бургулоо шайманы менен аткаруу шартында скважиналардын тереңдигин эске алып узундук метр менен кɵрсɵтүү зарыл:

  • Скважиналарды бургулоо (RC бургулоо, WDH-500 А шайманы же болбосо анын аналогдору менен) – тереңдиги 200 – 500 узун метр (пог.м.), эңкейиш бурчу (dip) -90º, диаметри 114-135мм.
  • Жумуштарды аткаруунун божомол убактысы
  • -жылдын 1-мартынан тартып 31-декабрга чейин.

Бардык негизги жана кошумча жумуштардын аткаруусун бɵдрɵтчү уюм камсыздайт, жана ошондой эле ал өзүнүн шаймандарынын мобилизациялоосун/демобилизациялоосун, кызматкерлеринин ташуусун, жеке коргоо каражаттар менен камсыздоосун, биринчи жардам көрсөтүү боюнча тренингдерин ɵтүүсүн, жумуш участкаларында иштерди уюштуруусун  камсыздайт. Ал эми, Жалдоочу турак-жай жана тамак-аш шарттарын түзүп берип жана күйүүчү май менен камсыздайт.

Толук маалымат (техникалык тапшырма) орус тилинде же англис тилинде жеткиликтүү.

Талапкерлер коммерциялык сунуш менен аталган иштерди аткарууга укугун тастыктаган уюштуруу жана башка юридикалык документтерди кошо тапшырышы керек жана жумуштардын  акысын узундук метр менен кɵрсɵтүүсү зарыл.

Жумуш акылар бардык тиешелүү салык менен башка төлөмдөрдү чогуу камтышы керек.

Коммерциялык сунуштарды бекитилген жана «Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча коммерциялык сунушу» деп жазылган конвертте 2019-ж. 15-февраль күнү саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, «Учкун» ААК имараты, 10-кабат дарегине тапшыруу зарыл.

КГК кабыл алынган коммерциялык сунуштарды (толук же бѳлүктөрүн) кабыл алууга же албоого өзүнүн укугун сактайт. Ошондой эле, талапкерлердин бул конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымдарын төлөөгө милдеттенме албагандын бир тараптуу билдирет.