“Кыргызстан үчүн “Центерра Голд” менен макулдашуу түзүү эң пайдалуу жана туура чечим”, – юрист Дмитрий Долматов

“Кыргызстан үчүн “Центерра Голд” менен макулдашуу түзүү эң пайдалуу жана туура чечим”, – юрист Дмитрий Долматов

Жарыяланган: 08 April 2022

Дүйшөмбү күнү, 2022-жылдын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Министрлер Кабинети менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКты башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлганын билдирди. Бул документке ылайык, Кыргызстандын Министрлер Кабинети Кумтөр кенине толук башкаруу жана ээлик кылуу укугун алды.

“Кумтөр Голд Компанинин” юрист-консультанты Дмитрий Долматов азыркы экономикалык кырдаалда бул кол коюлган документтин мааниси тууралуу өзүнүн позициясы менен бөлүштү. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, канадалык компания менен бардык сүйлөшүүлөргө катышкан. Интервью “Бешинчи каналдын” эфиринде көрсөтүлдү.

ДМИТРИЙ ДОЛМАТОВ, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын юрист-консультанты:

“Эгерде Нью-Йорктогу жана Стокгольмдогу процесстерди улантуу боюнча саясий чечим кабыл алынса, анда бул процесстер беш жылдан жети жылга чейин созулмак жана мамлекетке болжол менен жүз миллион долларга турмак, бул биринчи кезекте эл аралык юридикалык фирмалардын кызматынын эле акылары. Ошондуктан бул иште компромисске жетишүү Кыргызстан үчүн абдан оптималдуу жагдай деп эсептейм. Бул келишимде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары эске алынган. Биз биргеликте абдан жакшы иш алып бардык жана конфликти чечүүнүн эң оптималдуу жолун таптык деп ишенем”.