АДАМ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ ДИРЕКТОРУ

АДАМ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ ДИРЕКТОРУ

Жарыяланган: 19 August 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Адам ресурстарын башкаруу директору

Билдирүүнүн номери: KGC-22-234 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (мындан ары «КГК» же «Компания») администрациясынын ишине жалпы жетекчилик кылуу жана башкаруу;
  • Персоналды башкаруу бөлүмүнүн, персоналды өнүктүрүү бөлүмүнүн, медициналык бөлүмдүн, Бишкек шаардык кеңсесинин администрациясынын, Иш кагаздарын жүргүзүү  кызматынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана координациялоо;
  • Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу жана ээлеген кызматына байланыштуу эмгек милдеттерин аткаруу.
  • Компаниянын карьералык өсүү, кадрларды тандоону жана жайгаштырууну уюштуруу боюнча бирдиктүү кадр саясатын жүзөгө ашыруу;
  • Өз компетенциясынын алкагында Компаниянын ишмердүүлүгүнүн стратегиялык, узак мөөнөттүү планын иштеп чыгууну уюштуруу;
  • Ишкананын структурасын жана штатын иштеп чыгуу;
  • Компаниянын максаттарына жетүүгө багытталган функционалдык анализ, иш процесстерди оптималдаштыруу боюнча өз компетенциясынын алкагында иштерди жүргүзүү;
  • Компаниянын жумушчуларынын кызматтык инструкцияларын жана түзүмдүк бөлүмдөрү тууралуу жоболорду иштеп чыгууну координациялоо;
  • Сунуштарды, жаңы инновациялык идеяларды, компаниянын өнүгүү перспективалары боюнча долбоорлорду өз компетенциясынын алкагында иштеп чыгуу жана Компаниянын жетекчилиге сунуштоо;
  • Башкаруунун заманбап технологияларын ишке киргизүүнү, анын ичинде иш процесстерин электрондук башкаруу форматына өткөрүүнү уюштуруу;
  • Финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну камтыган колдоо көрсөтүү милдетин ишке ашыруу;
  • Жумушчулардын потенциалын жогорулатууну камсыздоо;
  • Кызматкерлерди материалдык жана материалдык эмес мотивациялоо механизмдерин иштеп чыгуу;
  • Аткаруучулук жана эмгек дисциплинасын ишке ашыруусун жана анын абалы үчүн жоопкерчиликти мойнуна алуу;
  • Таламдардын каршы келишин алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды ишке ашыруу;
  • Кадр жана административдик маселелер боюнча Компаниянын башка бөлүмдөрү жана башка уюмдар менен өз ара иштешүү;
  • Тапшырмалар менен буйруктарды белгиленген мөөнөттөрүндө аткаруу;
  • Компаниянын жумушчуларынын жеке маалыматтары менен иштөөдө купуялуулук эрежелерин сактоо;
  • Өзүнүн кесиптик деңгээлин тынымсыз жогорулатуу;
  • Компания тарабынан каралган окуу курстарынан өтүү;
  • КГКнын талаптык ченемдерин жана эрежелерин сактоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Адам ресурстарын башкаруу директордун кызматына жогорку билими бар жана 12 жылдан кем эмес тиешелүү иш тажрыйбасы бар адам дайындалат;
  • Ири эл аралык өндүрүштүк компанияларда, негизинен, тоо-кен тармагында иш тажрыйбасы болуу;
  • Төмөнкүлөр боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу: жумуш кызматтарын баалоо методологиясын (грейддерге бөлүү) жана сый акы төлөө (компенсациялар жана жеңилдиктер, EVP) системасын киргизүү; HR брендинг иши; жогорку жетекчилик персоналын тандоо; бизнес-процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу; өндүрүштүк топтордо корпоративдик баалуулуктарды жайылтуу;
  • Башкаруу ишинин негиздери (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, мотивациялоо, мониторинг жүргүзүү, баалоо жана контролдоо);
  • Компаниянын персоналын комплекстүү башкаруу үчүн зарыл болгон теориялык жана колдонмо билимдер;
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;
  • Жеке кызыкчылыктардын пайда болушуна жол бербөө же таламдардын каршы келишин чечүү боюнча чараларды көрүү;
  • Стратегиялык көндүмдөр: өз компетенциясынын алкагында актуалдуу маселелер боюнча кол алдындагы жумушчуларга максаттарды коюу жана тапшырмаларды берүү; стратегия түзүү; түзүмдүк бөлүмдөрдүн пландарын түзүү;
  • Жагымдуу моралдык-психологиялык климат түзүү; каада-салттарды сактоо; кол алдындагы жумушчуларга жардам берүү;
  • Стратегиялык башкаруунун жана пландаштыруунун, иш процесстерин талдоо жана оптималдаштыруу, жана функционалдык анализдин негиздери;
  • Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • Персоналдын ишинин натыйжалуулугун талдоо жана болжолдоо ыкмалары;
  • Ишкердик баарлашуу этикасын жана сүйлөшүүлөрду жүргүзүү эрежелерин жана ички иш тартибин, ошондой эле эмгекти коргоо жана өрт коопсуздук талаптарын билүү;
  • Стратегиялык пландаштыруу, статистикалык талдоо жана өндүрүштүк/уюштуруу маселелер менен чечимдерди ыкчам кабыл алуу жөндөмдөрү болуу;
  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле эмгек мыйзамдарын билүү;
  • Мамлекеттик, расмий тилдерди билүү, англис тилинде эркин сүйлөө;
  • Кыйын кырдаалдарды чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • Мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги ишкердик кат жазышуу көндүмдөрү;

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • Кызмат орду: Кыргыз Республикасы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 1-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-234.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.