КОЛОНКАЛЫК БУРГУЛОО ИНЖЕНЕРИ

КОЛОНКАЛЫК БУРГУЛОО ИНЖЕНЕРИ

Жарыяланган: 17 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Колонкалык бургулоо инженери 

Билдирүүнүн номери: KGC-22-260

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Геологиялык тапшырманы аткарууда жабдууларды жана тапшырылган ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;
  • Кендин ар кандай тилкелери (разрездери) үчүн кер бургулоо боюнча натыйжалуу технологияларын тандоо, анын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Керн бургулоо участогуна байланыштуу өндүрүштүк, финансылык жана башка өнөр-жайлык документтерди тууралыгын жана убагында каттоосун камсыз кылуу;
  • Геологиялык чалгындоо скважиналарын курууда иш токтоп калуулардын, кырсыктардын жана кемчиликтердин себептерин талдоо;
  • Геологиялык чалгындоо бургулоо иштерин уюштурууну мыктылоо, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, геологиялык чалгындоо бургулоо процессинде кырсыктарды жана тоскоолдуктарды алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Жогорку кесиптик (техникалык), орто кесиптик билим;
  • Тармакта 15 жылдан кем эмес эмгек стажы, анын ичинен 5 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасы колонкалык бургулоо жаатында инжерендик-техникалык кызматтарда;
  • Татаал тилкелерде (разрездерде), анын ичинде отвалдарда жана мореналарда, эффективдүү бургулоону уюштуруу тажрыйбасы;
  • Ишенимдүү ПК колдонуучусу, LF90 станокторун иштетүү тажрыйбасы, бийик тоолуу шарттарда иштөө мүмкүндүгүн чектебеген ден соолук абалы.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 1-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-260.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.