ЖАК «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КАЛДЫК САКТОООЧУ ЖАЙДЫН (ХВОСТОВОЕ ХОЗЯЙСТВО) ОБЪЕКТИЛЕРИН КУРУУ ДОЛБОООРУНУН АЛКАГЫНДА ЖЕР КАЗУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТУУРАЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

ЖАК «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КАЛДЫК САКТОООЧУ ЖАЙДЫН (ХВОСТОВОЕ ХОЗЯЙСТВО) ОБЪЕКТИЛЕРИН КУРУУ ДОЛБОООРУНУН АЛКАГЫНДА ЖЕР КАЗУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТУУРАЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Жарыяланган: 15 December 2020

Кабыл алуу жабык

КГК өзүнүн жеке жабдуу паркы бар кызыкдар уюмдарды жана жеке ишкерлерди кызматташууга чакырат. Алар өз техникалык жана коммерциялык сунуштарын тандоочу комиссияга А4 форматындагы бекитилген конвертте, үстүнө «2021-2022-ж.а. Калдык сактоочу жайдын чарбасынын объектилерин курулушу» деп жазып  2021-жылдын 10-январынын кечки саат 17.00гө чейин көрсөтүлгөн даректердин бирине тапшыруусу керек: Бишкек ш., Ибраимов көч. № 24, «Учкун» ААКтын имаратынын түндүк тарабындагы гаражка кире беришиндеги КГК КК постуна; же Жети-Өгүз району, Тамга а., «Волна» маалымат борборуна.

2021-2022 жылдарга керек болгон жабдуу жана техниканын болжол саны:

  1. Автосамосвал 25 т – 32 даана
  2. Фронталдык погрузчик 3 м3 – 4 даана
  3. Бульдозерлер Б10, Б12 типтеги же эквиваленти – 5 даана
  4. Бульдозерлер D8 и D9 типтеги – 2 даана
  5. Экскаваторлор CAT 325 же Volvo EC3000L типтеги – 2 даана
  6. Виброкатоктор 18 т же андан оор – 5 даана
  7. Автоцистерналар 10–15т, дөӊгөлөк формуласы 4х6 же 6х6 болгон жана сиӊирүүчү помпалары менен – 2 даана.

ЖУМУШ АТКАРУУ ШАРТТАРЫ

  1. 2021-жылга жалпы жер казуу иштеринин көлөмү: 2.1 г/см³ кем эмес тыгыздоо менен клиндин үстүндөгү таяныч призманын(упорная призма) болжол менен 1 200 000 м³ грунтунун сапаттуу төшөлүшү, орточо бир тарапка көчүрүү аралыгы 6,0 км чейин.
  2. 2022-жылга жалпы жер казуу иштеринини көлөмү: 2.1 г/см³ кем эмес тыгыздоо менен клиндин 2021-жылга жалпы жер казуу иштеринин көлөмү: 2.1 г/см³ кем эмес тыгыздоо менен клиндин үстүндөгү таяныч призманын(упорная призма) болжол менен 1 400 000 м³ грунтунун сапаттуу төшөлүшү, орточо бир тарапка көчүрүү аралыгы 6,0 км чейин.
  3. Ар бир жабдуунун так саны жалпы жер казуу иштеринини көлөмүнүн негизинде аныкталат.
  4. Жумуш аткаруу убактысы: болжол менен 2021-жылдын 20-апрелинен 2022-жылдын 31- октябрына чейин, кышында тыныгуу убактысы менен. Кышкы мезгилде болжол менен 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 15-мартына чейин жер казуу иштери токтотулат жана талапкерлер жабдууларын Кумтөр кенинен бул учурда алып чыгып кетүүсү талап кылынат.
  5. Иш графиги: 11-саатык күндүзгү жана түнкү смена (күнүнө 22 саат), 14 күндүк вахта.
  6. Жабдуулар 2015-жылдан кийин чыккан болушу керек. Резервдик жабдуунун болушу шарт.
  7. Аба-ырайы шарттарына жана ремонтко байланыштуу жабдуулардын токтоп туруусу төлөнбөйт.
  8. Автосамосвалда рейстерди саноо үчүн GPS трекердин болушу.
  9. Оор техникаларда стационардык рациялар жана инженердик-техникалык кызматкерлерде портативдик рациялардын болушу.
  10. Ремонттук базанын болушу.
  11. Саламаттыкты сактоо, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк коопсуздук жаатында талапкердин башкаруу жана контролдоо системасы болушу шарт.
  12. Иш жерине техниканы жеткирүү жана кайра алып келүү талапкердин эсебинен жүргүзүлөт. Жумушчуларын иш аткаруу жерине жеткирүү жана кайра алып кетүү талапкердин эсебинен жүргүзүлөт.
  13. Кумтөр кенинде жабдууларды иштетүү, жумушчуларды жатакана жана тамак-аш менен камсыздоо КГКнын эсебинен жүргүзүлөт.

Тажрыйбалуу персонал менен камсыздоо:

  1. Мастер, анын милдеттерине жабдуулардын коопсуз иштетилишине көзөмөл жүргүзүү жана ЭК жана КТ инженеринин милдеттерин аткаруу кирет, бирок муну менен чектелбейт. Минималдык талаптар: эӊ аз дегенде атайын орто билими, өндүрүштө иш тажрыйбасы жана ТАОБ/ӨЖЭЖКПМК билим деӊгээлин аныктоо сынагын өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу, отчетторду даярдоо жана электрондук документооборот жүргүзүү үчүн офистик жабдуулар менен байланыш каражаттарын колдоно билүү.
  2. Автослесарь, анын милдеттерине Кумтөр кениндеги техниканын майда оӊдоп-түзөө иштери кирет, бирк муну менен чектелбейт.
  3. Техниканын операторлору, техника айдоо тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болушу керек.

Тандоо сынагына катышуу сунуштары төмөнкү маалыматты камтышы керек: 

  1. Толтурулган (№1 Тиркемеде берилген) «Сунуштун кыскача мазмуну» формасы («Краткое резюме по предложению»).
  2. Толтурулган (№2 Тиркемеде берилген) ССЭККТ системасын баалоо формасы (форма оценки системы ОЗТиПБ).
  3. Уюмдун жана жеке ишкердин каттоо күбөлүгүнүн, уставынын, бар болгон уруксаттары менен лицензияларынын көчүрмөлөрү, салык органдары тарабынан берилген катоо жана карызы жоктугу тууралуу маалымкат, жасалган жумуштардын кыскача сыпаттоосу менен иш өнөктөштөрдүн тизмеси жана рекомендациялары);
  4. Резервдик жабдуу менен кошо сунушталган жабдуулардын тизмеси (тиби, саны, каттоо документтери, техникалык тейлөө таржымалы, сүрөттөрү);
  5. Коммерциялык сунуш, жогоруда аталган жабдуулардын бир куб метр материалды көчүрүү, жүктөө, түздөө, нымдоо жана таптоо иштеринин «баары камтылган» негизде саналган баалары менен (салыктар жана милдеттүү төлөмдөр, жабдууну мобилизациялоо жана демобилизациялоо, жабдуунун амортизациялоо, мастер менен автослесардын туруктуу жумушу, мастердин машинесин колдонуу, жеке коргоо каражаттары менен камсыздоо, айлык акы + иш сапар жана башка үстөк акы, сыркоолук баракчалары жана кошумча чыгымдар, киреше ж.б.у.с);
  6. Жумушчулардын жана ИТКнын тизмеси менен кыскача резюмеси;
  7. Талапкер көрсөтүү керек жана зарыл деп эсептеген кошумча шарттар.

Бардык уюмдар өздөрүнүн коммерциялык сунуштарын өздөрүнүн эсебинен жөнөтүшөт жана жогоруда аталган КГКнын бардык шарттарын кабыл алышат. Чыгымдалган чыгашалардын ордун толтуруу сыяктуу доо-талаптар кабыл алынбайт. Кен жайга таанышуу максатында саякаттоо каралган эмес. Бардык талапкерлерге төмөндө берилген шилтеме аркылуу КГКнын сайтында жайгашкан Подряд кызматтарын көрсөтүү келишиминин жалпы шарттары менен танышууну сунуштайт: general-terms_contracting_2020_nov.pdf (kumtor.kg).

КГК келген сунуштарды толугу же бөлүгү менен кабыл алууга же четке кагууга, эӊ атаандаш коммерциялык сунуш бере алган жана КГКные талаптарына дал келген мыкты талапкерлерди тандаганга укуктуу. Ошону менен бирге, бардык шарттар бирдей аткарылган учурда, артыкчылык  Жети-Өгүз, Тоӊ райондорунун жана Балыкчы шаарынын талапкерлерине берилет. КГК тандоодон өткөн талапкерлер менен гана байланышат.