«Кумтөрдүн» аракети менен Кыргызстандагы музыкалык мектептердин окуучулары жана мугалимдери Даниэль Лозаковичтин концертинде болушту

«Кумтөрдүн» аракети менен Кыргызстандагы музыкалык мектептердин окуучулары жана мугалимдери Даниэль Лозаковичтин концертинде болушту

Жарыяланган: 13 June 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кыргызстандын музыкалык окуу жайларынын жана искусство мектептеринин эки жүзгө жакын окуучулары жана мугалимдери, анын ичинде Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатынын таланттуу балдары үчүн Даниэль Лозаковичтин концертине билет сатып берди. Бүткүл дүйнөгө таанымал швециялык скрипачтын Бишкектеги бирден-бир концерти Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Мындан сырткары өткөн жылы «Кумтөр» компаниясы камкордукка алган карылардын Төмөнкү-Серафимовск жатак-интернатынын тургундарынын тобу Страдиваринин скрипкасынын үнүн угуп, виртуоз скрипачтын чеберчилигине баа беришти. Карылар көрүүчүлөр залындагы эң мыкты орундуктарды ээлешти.

Музыкалык мектептердин окуучулары менен окутуучуларынын уюшкан тобу концертке биринчилерден болуп келишти. Алар үчүн бул окуя биринчи кезекте профессионалдык жактан баалуу. Даниэль Лозакович дүйнөдө чоң суроо-талапка ээ болгон жаш музыканттардын бири, көрүүчүлөр анын концерттерине билеттерди бир нече ай мурун алдын ала ээлеп алышат. Мындан сырткары Лозакович  Страдиваринин 300 жылдык скрипкасында ойнойт.

Сахнада шведдик композитор Вильгельм Стенхаммардын чыгармалары ойнолду. Белгилей кетсек, Даниэль Лозаковичтин апасы Кыргызстандан болгондуктан музыкант Бишкектеги концерт өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Саамалыктын уюштуруучулары концерттик программага кыргыз симфониялык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таштан Эрматовдун да чыгармасын киргизишкен. Албетте концертте Чайковскийдин музыкасы да жаңырды. Анын скрипка менен оркестр үчүн Ре мажор концертин көрүүчүлөр дем чыгарбай угуп отурушту.

Пландалган эки бөлүмдүн ордуна концерт үч бөлүмгө созулуп, кызуу кол чабуулар менен коштолуп жатты. Бүгүнкү күндө маданият жана искусство тармагындагы долбоорлорду жигердүү  колдоого алып келе жаткан «Кумтөр» компаниясына да сахнадан ыраазычылык сөздөрү жаңырды.