«Кумтөр» компаниясы Нарын мамлекеттик университетинде компьютер классын жабдып берди

«Кумтөр» компаниясы Нарын мамлекеттик университетинде компьютер классын жабдып берди

Жарыяланган: 17 February 2022

Тышкы башкаруу киргизилгенден бери «Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кыргызстандын бардык аймактарындагы өнүктүрүү долбоорлоруна ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат. Мисалы, январь айында Компания кайрымдуулук акциясы менен Нарын облусунун беш районун камтып, 650 тоннадан ашык көмүр жакыр үй-бүлөлөргө жана жалгыз жашаган кары-картаңдарга таратылды.

«Кумтөр» Нарын облусун өнүктүрүүгө салымын кошуп жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуусун улантууда. Нарын мамлекеттик университетинде «Кумтөрдүн» эсебинен компьютер классы жабдылып, окуу жайдын китепканасы керектүү техникалык жана окуу адабияттарын алды. Бардык компьютерлерде лицензиялуу Windows операциялык системалары жана керектүү программалар орнотулган. Мындан тышкары, Компания университетке интерактивдүү ак доскаларды, принтерлерди, атүгүл келечекте экологдор колдоно турган туристтик жабдууларды берди.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Эрмек Байбагышов мындай деп билдирди:

– “Кумтөр Голд Компанинин” жаңы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын жалпы билим берүү жана илим тармагына чоң жардам көрсөтүүдө. Биз ага кайрылып, колдоо алып жатабыз”.

Нарын мамлекеттик университети (НМУ) 1996-жылы негизделген. Ал “Агрардык технологиялар”, “Педагогика”, “Филология” жана “Экономика” сыяктуу багыттар боюнча адистерди даярдайт. ЖОЖго караштуу үч колледж бар, алардын бүтүрүүчүлөрү окуу жайда тандалган адистик боюнча окуусун уланта алышат. Мындан ары студенттер «Кумтөр» компаниясы белекке берген жаңы компьютерлерде кесиптин негиздерин үйрөнүшөт.

ЖОЖдордо инклюзивдүү билим берүү программасы иштейт. Бул Кумтөрдүн калкка социалдык колдоо көрсөтүү долбоорлорун күчөтүү багытындагы дагы бир иши менен шайкеш келет.

-Нарын шаарында кафе же ресторандардын өздөрүнүн сайттары жок, алар берген телефон аркылуу байланышка чыгууга мүмкүн эмес, үйдө отуруп тапшырык берип тамак-аш алдыруу абдан кыйын. Ошондуктан, мен үйдөн эле тапшырык берип тамак-ашты алдырган онлайн-тиркеме иштеп чыгууну пландаштырып жатам. Бул адамдар үчүн, анын ичинде ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн абдан ыңгайлуу болот“, – деди НМУ колледжинин студенти Медер Усупбеков.

Билим берүү системасын колдоо – бул Кумтөр Голд Компанинин социалдык жоопкерчилигинин маанилүү багыттарынын бири. Анын ичине такшалма программалары, стипендиялар, жаштардын кесиптик даярдыгын өнүктүрүү, заманбап санарип технологиялар менен билим берүү борборлорун түзүү да кирет. Кумтөрдүн мамлекеттик маанисин эске алсак бул иш акырындык менен өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт.