«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК (КГК) Кумтөр кенинде ар кандай мүнөздүү жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө контрагенттерди тандоо туралуу жарыялайт

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК (КГК) Кумтөр кенинде ар кандай мүнөздүү жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө контрагенттерди тандоо туралуу жарыялайт

Жарыяланган: 25 May 2020

Кабыл алуу жабык

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК КЫЗМАТТАШТЫККА ЧАКЫРАТ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК (КГК) Кумтөр кенинде ар кандай мүнөздүү жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө контрагенттерди тандоо туралуу жарыялайт :

  • Кызматтарды көрсөтүү (клининг, монтаж, унаа каражаттарын оӊдоо, сантехника түйүндөрүн оӊдоо ж.б.у.с кызматтар).
  • Ширетүү жана башка жумуштарды аткаруу.
  • Жер казуу, түздөө, төгүү, кайра толуктап түздөө, грунт ташуу жана б.у.с. (экскаватордун, бульдозердин, виброкатоктун, погрузчиктин, 20, 25-тонналык самосвалдын жана ушундай сыяктуу техниканын колдонуусун талап кылган) жер жумуштарын аткаруу.

КГК, тажрыйбалуу персоналы жана өзүнө таандык/арендага алынган техника паркы болгон кызыктар уюмдарды жана жеке ишкерлерди өздөрүнүн техникалык жана коммерциялык сунуштарын Тандоо комиссиясына тапшырууга чакырат. Сунуштар бекитилген А4 форматындагы конвертте жана бетине «Кумтөр кенинде кызматтарды көрсөтүү/жумуштарды аткаруу» деп жазылып, 2020-ж. 11-июнь саат 17:00 чейин, кийинки даректердин бирине тапшырылышы керек: Бишкек ш., Ибраимова көч., №24, «Учкун» имаратынын түндүк тарабындагы гараждын алдындагы КГКнын Коопсуздук кызматына; Жети-Өгүз району, Тамга айылы, Маалымат агенттиги «Волна».

КГК ишканасы тапшырылган коммерциялык сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт. КГК жумуштун болгон көлөмүн бир гана уюмга толугу менен тапшырбастан бир нече талапкер арасында бөлүштүрүүнү ниет кылат. Персоналы жана шаймандары максималдуу толук болгон талапкерлерге артыкчылык берилет. Ал эми шарттар бирдей аткарылган учурда, КГК артыкчылыкты Жети-Өгүз же Тоӊ райондорунан жана Балыкчы шаарынан талапкерлерге берет. КГК алдын ала тандоодон өткөн уюмдар жана жеке ишкерлерди гана чакырат. КГК бир тараптуу бул чакырууга байланыштуу талапкерлер тарткан чыгымдардын ордун толтуруу милдетин албагандыгы тууралуу билдирет.

Керек болгон персонал жана шаймандар/техника тууралуу маалымат

КЕРЕК БОЛГОН ШАЙМАНДАР/ТЕХНИКА (операторлору менен):

  • Автосамосвалдар 25 т
  • Фронталдык погрузчик 3 м3
  • Бульдозерлер Б10, Б12 үлгүсүндөгү же эквиваленттери
  • Бульдозерлер D8 жана D9
  • Экскаваторлор CAT 325 же Volvo EC3000L үлгүсүндөгү
  • Виброкатоктор 18 т же көлөмү чоӊураагы
  • Автоцистерналар 10–15т, дөӊгөлөк базасы 4х6 же 6х6 соруу помпасы бар
  • Ассенизациялык машиналар 10-15т
  • Мунайзат ташуучу унаалар, 10-15т цистернасы бар
  • Жүк ташуучу унаа -контейнеровоз (платформа)
  • Автомобиль – подъемник (автовышка)

Бирок, Кумтөр кенинде «Урал», «ЗиЛ» маркасындагы автоунаа каражаттарын иштетүүгө уруксат жок.

КЕРЕКТҮҮ ПЕРСОНАЛ:

Позиция Квалификациялык талаптар:
Cварщик/ Сварщик труб ПЭТ/Ширетүүчү/ПЭТ түтүктөрүн ширетүүчү орто билим же атайын билим; 2-разряддан кем эмес сертификаттын болуусу; электрогазосварщик күбөлүгү болуусу; (баардык) кысылган газ баллондорду ташууга жана сактоого күбөлүгү болуусу; бийиктикте иштеген жумушчунун күбөлүгү болуусу; өз адистиги боюнча үзгүлтүксүз эмгек стажы 2 жылдан кем эмес болуусу.

ПЭТ түтүктөрүн ширетүүчү үчүн кошумча талап – ПЭТ түтүктөрүн ширетүүчүнүн күбөлүгү болуусу.

Стропальщик орто билим же атайын билим; стропальщик күбөлүгү болуусу; өз адистиги боюнча үзгүлтүксүз эмгек стажы 2 жылдан кем эмес болуусу.
Плотник орто билим же атайын билим; өз адистиги боюнча эмгек стажы 2 жылдан кем эмес болуусу; жыгач иштетүүчү станоктордо иштей билүү.
Сантехник орто билим же атайын билим; адистиги боюнча эмгек стажы 2 жылдан кем эмес болуусу.
Монтажник орто билим же атайын билим; слесарь-монтажник күбөлүгү болуусу; бийиктикте иштеген жумушчунун күбөлүгү болуусу; өз адистиги боюнча эмгек стажы 2 жылдан кем эмес болуусу;
Электрик орто же жогорку атайын электротехникалык билим, иштеп жаткан электр орнотмолордо уруксат 1000 Вольт чейин жана жогору, электр орнотмолордо КТ күбөлүк, бийиктикте иштөөгө жана ПТО тейлөөгө күбөлүк, электромонтер болуп иштөө стажы 2 жылдан кем эмес болуусу.
Слесарь-монтажник атайын орто билим, слесарь-монтажник күбөлүгү болуусу, бийиктикте иштеген жумушчунун күбөлүгү болуусу, диаметри 75 мм 630ммге чейин ПНД, ПВХ трубопроводдорун бириктирип жана муфта менен ширетүүгө сертификаттын болуусу. Бардык электр интрументтери менен иштөө көндүмдөрү (бургу, УШМ, айланма араалар жана б.у. с.), оӊдоо-монтаждоо иштерин аткаруу тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес болуусу. Стропальщик катары иш тажрыйбасынын болуусу жактырылат.
Компрессорщик атайын орто билим, ТАОБдон кийинки адистик боюнча окуу курсун өткөндүгү тууралуу сертификаттын болуусу: «Компрессордук (аба) орнотмолордун машинисти басым астында иштеген идиштерди тейлөө укугу менен. Поршендүү компрессордун, турбокомпрессордун, буу машиналардын жана электр кыймылдаткычтын аракет принциби; компрессор жана кыймылдаткычтардын кемчиликтерин жоюужана алдын алуу ыкмалары». Иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес болуусу.
Водозабор жумушчусу атайын орто билим, ТАОБдон кийинки адистик боюнча окуу курсун өткөндүгү тууралуу сертификаттын болуусу: «Пайдалуу кен байлыктарын байытуу процнсстеринин аппаратчиги, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын (СДЯВ) реагенттерин кошуу укуугу менен. ӨАТК реагенттерин колдонуу жана керектөө боюнча технологиялык процесс. Жогорку водозабор участогунда реагенттерди коопсуз түшүрүү, аралаштыруу жана берүү эрежелери менен инструкциялары»; иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес болуусу.
Жумушчу негизги орто билим же толук эмес орто билим. Ар кандай жумуштарга тартылган жардамчы жумушчу, атайын даярдыкты же билимди талап кылбайт.
Тазалыкты сактаган жумушчу жогорку/атайын орто билим; медициналык жактан бийик тоодо жайгашкан кенде жумушка жарактуу физикалык дени сак болуусу; жумушту так аткаруу жана тартипти сактоо; тыкандык, команда менен иштей билүү; байланыш түзөө билүү, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, эмоционалдуу туруктуулук, чыдамкайлык, сылыктык, сыпайылык, жеке гигиенаны жогорку деӊгээлде тутуу, санитардык китепченин болуусу.
Керектүү техниканын /шаймандын оператору орто же атайын орто билим; мамлекеттик үлгүдөгү «А», «С» и «Е» категориясындагы айдоочуунун күбөлүгү болуусу; «кысылган, суюлтулган же эритилген газ камтыган баллондорду ташуу, сактоо жана эксплуатациялоо, баллондорго уруксат» күбөлүгү болуусу; автомобильдин агрегаттарынын, механизмдеринин жана шаймандарынын максатын, түзүлүшүн, иштөө принцибин, аларды жүргүзүп иштеткенди жана тейлөөнү билүүсү; жүк ташуучу унаа шопуру катары тынымсыз иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес болуусу абзел.

Иш тартиби – 11 сааттык күндүзгү жана түнкү сменалар (күнүнө 22 саат). Кумтөр кен жайында шаймандардын майда оңдоо иштерин гана жүргүзүүгө уруксат берилет. Аба-ырайынын начар шарттарынан улам же болбосо оӊдоо иштеринин айынан шаймандардын иштебей бош туруп калган убакыты төлөнбөйт. Шаймандарды, жумуш жасалчу жерге жеткирүү жана жумуш бүткөндө базасына алып кетүү милдети талапкерге жүктөлөт. Жана ошондой эле жумушчуларын жумуш аткаруу жерине жана кайра алып келүү милдети талапкерге жүктөлөт.

КГКНЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ:

Талапкердин жумушчуларын Кумтөр кен жайында жайгаштыруу жана тамактандыруу, ошондой эле колдонулуучу шаймандарын күйүүчү май менен камсыздоо.

КГК талапкерлерге КГКнын сайтында жайгаштырылган Кызмат көрсөтүү келишимдин жана бөдрөттүк келишимдин жалпы шарттары менен таанышууну сунуштайт жана бул келишимдер төмөнкү шилтемелер аркылуу жеткиликтүү: Общие условияи https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2019/09/General-Terms-Service.pdf ;Общие условияи https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2020/02/General-Terms_Contracting.pdf .

СУНУШТАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

Техникалык жана коммерциялык сунуштарда кийинки маалымат чагылдырылышы керек:

  • Уюм же жеке ишкер жөнүндөгү маалымат (каттоо күбөлүгүнүн, уставынын, алынган лицензия жана уруксаттардын көчүрмөлөрү, салык төлөөчүүнүн ишкердиги тууралуу маалыматтар, мурда аткарылган жумуштардын кыскача баяндамасы менен өнөктөштөрдүн тизмеси жана алардын берген мүнөздөмөлөрү);
  • Сунуш кылынган шаймандар жөнүндө маалымат (типтери, саны, каттоо документтери, өткөрүлгөн техникалык тейлөөлөр, фото-сүрөттөрү), резервде болгон жабдууларды кошкондо;
  • Тартылган персонал, жумушчулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер жөнүндө маалымат алардын иш тажрыйбасы сүрөттөө менен чогуу;
  • Мекеменин башкы кеңсеси, негизги жана регионалдык базалары жөнүндө маалымат;
  • «Бардыгы камтылган» принциби боюнча эсептелген (бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү, шаймандардын мобилизациялоо жана демобилизациялоого кеткен чыгымдарды, жабдуулардын амортизациясын, мастер жана слесардын туруктуу негизде иштөөсүн, мастердин автоунаасын колдонуу чыгымдарын, жеке коргонуучу каражаттары менен камсыз кылуу, эмгек акыларды, күнчыгымдарды жана үстөктөрдү, бейтап баракчаларын, кошумча чыгымдарды, кирешени ж.б. камтыйт) 11 саатык иш смена үчүн баа сунушу;
  • Талапкер керектүү жана пайдалуу деп эсептеген кошумча шарттар.

Бардык уюмдар, тандоо процедурасына өз каалосу менен жана өз каражатын колдонуп катышат, жана КГК койгон бардык шарттарга баш ийет. Талапкерлер тарабынан жасалган чыгымдарды кайра кайтарып берүү доолору ишкана тарабынан кабыл алынбайт. Тоо-кен жайына таанышуу сапарлары өткөрүлбөйт.

КГК ишканасы тапшырылган сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт. КГК жумуштун болгон көлөмүн бир гана уюмга толугу менен тапшырбастан бир нече талапкер арасында бөлүштүрүүнү ниет кылат. Шарттар бирдей аткарылган учурда, Жети-Өгүз, Тоӊ райондорунан жана Балыкчы шаарынанн талапкерлерге артыкчылык берилет. КГК алдын ала тандоодо өткөн талапкерлер менен гана байланышат.