«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ишембилик ɵткɵрүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ишембилик ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 10 August 2015

Ɵткɵн ишембиде, 2015-жылдын 8-августунда, «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Бишкекте «Учкундагы» офистин аймагын тазалоого чыгышты. Акция компаниянын менеджменти жана администрация бɵлүмүнүн колдоосу менен «БИЗ жашаган үй» долбоорунун алкагында ɵттү.

Ишембиликке «Кумтɵр» компаниясынын 100гɵ жакын кызматкери чыгып, алардын кɵпчүлүгү иш чарага балдарын да ала келишти. Ошондой эле тигүү цехинин ɵкүлдɵрү, «Учкун» имаратынын ижарачылары да кошулушту. Баары ынтымакта иштɵɵ менен таштандыларды, бактардын куурап калган бутактарын, жалбырактарды чогултуп, куураган чɵптɵрдү оруп, жашыл аянтчаларды сугарып, тротуарларды шыпырышты. Эки саатта эле жүк ташуучу машина толо таштанды жыйналды. Эми биз тазаланган аймакта түшкү тыныгуу мезгилинде кенен-кесир эс ала алабыз.

Иш чара аяктагандан кийин таттуу жана музыкалык сюрприз уюштурулду – ишембиликтин ар бир катышуучусуна Fresco балмуздагы берилип, «Тендо» тобу жапон добулбастары – тайколордо ойноп берди. Ошондой эле утулушсуз лотерея ойнотулуп, ишембиликтин ар бир катышуучусу белек алды.

«Ишембиликке катышуу – бул ɵзүбүз жашаган шаар алдындагы жоопкерчиликти сезүү. Албетте, бул иш менен коммуналдык кызматтар алектенишет, бирок жашоочулар катышмайын, алардын алы жетпейт. Ошондуктан баарыбыз бир нече саатка жумушчу кийим кийип, керектүү шаймандарды колго алдык. Биз мындай ишембиликтерди жылыга ɵткɵрүүнү, ошондой эле ɵзүбүздү курчап турган дүйнɵнү таштандылардан тазалоого, денени, жан дүйнɵнү ɵркүндɵтүүгɵ жана ден соолукту чыӊдоого багытталган, жаратылыштагы жаӊы долбоорлорду жүзɵгɵ ашырууну пландап жатабыз», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» персоналды башкаруу боюнча вице-президенти Дион Баденхорст.