«Кумтөр» Борбордук Азиядагы мыкты иш берүүчүлөрдүн бири болуп таанылды

«Кумтөр» Борбордук Азиядагы мыкты иш берүүчүлөрдүн бири болуп таанылды

Жарыяланган: 29 October 2019

2019-жылдын 24-октябрында Казакстандын Алматы шаарында  « Борбордук Азиянын HR-бренд сыйлыгы 2019» жеңүүчүлөрүн VII жыл сайын сыйлоо салтанаты болуп өттү.

Быйыл конкурска номинанттардын рекорддук саны – Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын 30 компаниясынан 33 долбоор катышты.  Иш чара Казакстандын «HeadHunter» платформасынын ири онлайн-рекрутинг өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Долбоорлорду баалоо: долбоорлорду жекече кароо жана HR-эксперттер тарабынан ар бир номинациядагы эң мыкты алты долбоор үчүн добуш берүү жана жабык жыйында калыстар мүчөлөрүнүн жеңүүчүлөрдү аныктоосу аркылуу эки этапта өттү. Эксперттердин жана калыстардын курамына HR чөйрөсүндөгү кесипкөй-практиктер жана КМШнын ири компанияларынын биринчи жетекчилери кирген.

Долбоорлорду баалоо жана жеңүүчүлөрдү тандоо төмөнкүдөй критерийлер менен өттү:

  •  Ойлогон пикирдин актуалдуулугу – тема компания үчүн актуалдуу болушу керек.
  •  Ишке ашыруу ыкмаларынын заманбаптыгы – оптималдуу инструменттерди пайдалануу; инновацияларды пайдалануу.
  •  Коюлган максаттардын жана милдеттердин акыркы натыйжасынын шайкештиги: бизнес үчүн жана максаттуу аудитория жагынан жетишилген натыйжа.

«Кумтөр» конкурска эмгектико ргоожана өнөр жай тармагындагы «Work Safe I Home Safe» уникалдуу программасын берген. Өзүнүн башкы максатына – өндүрүштөгү кырсыктардын нөлдүк көрсөткүчүнө жетүү үчүн – Компания өзүнүн бардык өндүрүштүк обьектилеринде эреже бузууларды болтурбоо маданиятын өнүктүрөт, ошондой эле үйдөгү коопсуз жүрүм-турум маданиятын дагы чагылдырат.

Калыстар конкурстук тандоонун жыйынтыгында «Кумтор Голд Компаниге» «Мир» номинациясындагы коло байгени ыйгарды.

«Аталган сыйлык – бул биз жасап жаткан иштердин натыйжалуулугунан жана маанилүүлүгүнөн кабар берет. Биздин катышуубуздун максаты дагы өзүбүздүн тажрыйба менен бөлүшүү болгон, мындай тажрыйба алмашуу биздин өлкөгө жана КМШ өлкөлөрүнө, атап айтканда, бизнес чөйрөсүнө дагы, калк турмушунун социалдык чөйрөсүнө дагы пайда алып келет», – деп белгиледи  «Кумтор Голд Компанинин» персоналды өнүктүрүү жана администрациялык маселелер боюнча бөлүмдүн менеджери Гульмира Турдубаева.

«Борбордук Азиянын HR-бренд сыйлыгы» 2013-жылдан бери өткөрүлүүдө жана Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын HR-кесипкөйлөрү үчүн эң белгилүү жана беделдүү сыйлыгы болуп эсептелет. «Борбордук Азиянын HR-бренд сыйлыгынын» жеңүүчүлөрү «Мыкты иш берүүчү» статусун алып, коллегалардын урматына татыйт, ал эми кесиптик жамаат – алдыңкы жана эффективдүү тажрыйба менен таанышуу мүмкүндүгүн алат.