“Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз районундагы көпүрөнү калыбына келтирүүгө жардам берди

“Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз районундагы көпүрөнү калыбына келтирүүгө жардам берди

Жарыяланган: 22 June 2022

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому (КГК) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз курортунан Көк-Жайык жайлоосуна кеткен авто жолунун Жети-Өгүз дарыясы аркылуу өтүүчү 3-көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине темир конструкцияларды өткөрүп берди.

Транспорт министрлигинин адистери жаңы көпүрөнү орнотуп, жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.

14-июнда мурунку жыгач көпүрө урап, анын кесепетинен Көк-Жайык жайлоосундагы 200гө жакын адам өтө албай, көпүрөнү тезинен калыбына келтирүү муктаждыгы пайда болгон. КГК жетекчилиги жергиликтүү бийликтин жана тургундардын өтүнүчүн канааттандырып, аталган темир көпүрөлөрдү жеткирип берген.

Бузулган жыгач көпүрө 2008-жылы курулган. Ал аркылуу бийик тоолуу жайыттарга чабандар малын айдап, тоо капчыгайларына саякаттаган туристтер байма-бай өтүп турушчу. Көпүрө жана авто жол КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында турат. Жаңы көпүрөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннадан ашып, адамдардын коопсуздугун сактоого мыкты шарт түзүлдү.

Жети-Өгүз айыл өкмөтү маселени тез арада чечкени үчүн «Кумтөргө» жана жеке КГКны башкарган «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүккө ыраазычылыктарын билдиришти.

1_22 Jun 2022_КГК_Мост_Джеты-Огузский район_VIDEO