«Кумтөр» студенттер арасындагы «Ботаникалык бак: Башаттан келечекке карай» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

«Кумтөр» студенттер арасындагы «Ботаникалык бак: Башаттан келечекке карай» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Жарыяланган: 28 June 2022

Ушул жылдын жаз айларында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) демөөрчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун студенттеринин арасында КР УИАсынын Э. Гареев атындагы Ботаникалык багынын 85 жылдыгына карата «Ботаникалык бак: Башаттан келечекке карай» деген темада сынак жарыяланган. Бул сынак республиканын улуттук байлыгы жана Кыргызстандын дүйнө жана жаратылыш флорасын сарамжалдуу пайдалануу үчүн селекция, сактоо жана байытуу жаатындагы алдыңкы илимий мекеме катары Ботаникалык бактын ишмердүүлүгү туурасында маалымат жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Катышуучулардын эмгектери сынактын атайын түзүлгөн көз карандысыз эксперттик кеңеши тарабынан бааланды. Сыйлык тапшыруу аземи КР Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаевдин жана КГКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын дендропарк-коругунда өттү. Иш-чарага келгендер жана катышуучулар үчүн кичи кинозал уюштурулуп, анда студенттердин видео эмгектери көрсөтүлүп, ал эми аллея Ботаникалык бак тууралуу фотогалерея менен кооздолду.

«Кумтөр Голд Компанинин» Туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн менеджери Нурлан Омуров  сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду жана сыйлыктар үчүн сертификаттарды тапшырып,  студенттерге жигердүү катышкандыгы жана чыгармачылык демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.

– Бул жагымдуу жана кызыктуу сынакка катышкан бардык студенттерди куттуктайбыз. Анын популярдуулугу катышуучулардын санынан жана студенттик кеңири аудиториядан көрүнүп турат. Ар дайым максатыңардан тайбай өзүңөргө  ишенип, таланттарыңарды өркүндөтүп, кыялдарыңардан кайтпагыла дейт элем. Алдыда сиздерди жаңы жеңиштер жана ийгиликтер күтүп турсун, – деп белгиледи Нурлан Омуров.

Ботаникалык бак жөнүндөгү Эң мыкты видео тасма номинациясы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

– I даражадагы диплом – Абибиллаев Хантенир, М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун студенти (ноутбук). Youtube сервериндеги видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=lYg4iRaeXL4;

– II даражадагы диплом – Жумабекова Нургүл, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти (телефон);

– III даражадагы диплом – Эмилбекова Нурпери жана Шаршенова Самара, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери (планшет).

Ботаникалык бак жөнүндө таратылган Эң мыкты ролик номинациясы боюнча жеңүүчүлөр:

– I даражадагы диплом- Шаршенбеков Санжар, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти (профессионалдык видеокамера) Youtube сервериндеги видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=jeTIUVlaYP0;

– II даражадагы диплом – Шакиров Амантай жана Умуралиева Жаңыл, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери (телефон);

– III даражадагы диплом – Мырзабекова Аяна, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти (планшет).

Ботаникалык бак туурасындагы Эң мыкты фотоальбом номинациясы боюнча жеңүүчүлөр:

– I даражадагы диплом – Санжарбекова Жайнагүл, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти (профессионалдык санарип фотоаппарат);

– II даражадагы диплом – Умуралиева Жаңыл, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти (телефон);

–  III даражадагы диплом – Базарбаева Медина, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти (планшет).

Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясы экологиялык агартуу билимдерин өнүктүрүүгө жана жаштарды социалдык чыгармачылыкка тартууга кошкон салымы үчүн “Кумтөр Голд Компани” ишканасына терең ыраазычылык билдирди. Сынактын аркасы менен калк арасында биоэкологиялык билимдерди жана Ботаникалык бактын мааниси тууралуу маалыматты жайылтууга олуттуу таасир эте ала турган визуалдык практикалык материалдардын топтому (видеофильмдер, жарнамалык роликтер, фотоальбомдор) түзүлгөнү белгиленди.