ЖЕР КАЗУУ ИШТЕРИ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН КАБЫЛ АЛУУ

ЖЕР КАЗУУ ИШТЕРИ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН КАБЫЛ АЛУУ

Жарыяланган: 13 January 2017

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК), болжол менен 2017-ж. 15 марттан баштап 2018-ж. 31 октябрына чейинки мөөнөттө (кыш мезгилинде тыныгууну кошо алганда) Кумтөр кен жайында жайгашкан калдык сактоочу жайдын объектилерин куруу учурунда жер казуу иштерин аткаруу үчүн баа сунуштарын кабыл алуу жөнүндө жарыялайт. Кыш мезгили учурунда, болжол менен 2017-ж. 1 ноябырынан баштап 2018-ж. 15 мартына чейин, жер казуу иштери аткарылбайт, ошондуктан бул мөөнөт бою талапкерлер өз техникасын «Кумтөр» кен жайынан алып чыгуусу талап кылынат.

– 2017 жыл үчүн эсептелген жер казуу иштеринин жалпы көлөмү: болжол менен 2 055 000 м3 грунт (казуу, түздөө, тыгыздоо, грунт төгүү, көмүү, ташуу). Бул көлөмдүн ичинен 925 000 м3 грунт таяныч шынаасын куруу үчүн казылган жерден чыгат жана орточо эсеп менен алганда бир тарапка ташуу 2 км жеткен аралыкты камтыйт. Калган, болжол менен 1 130 000 м3 грунт, сапаттуу таяныч шынаасын жана анын үстүндөгү таяныч призмасын курууда керектелип (грунт тыгыздыгы 2,1 г/см3), орточо эсеп менен алганда 7 км аралыка ташылат.

– 2018 жыл үчүн эсептелген жер казуу иштеринин жалпы көлөмү: болжол менен 1 480 000 м3 грунт (казуу, түздөө, тыгыздоо, грунт төгүү, көмүү, ташуу). Бул көлөмдүн ичинен 680 000 м3 грунт таяныч шынаасын куруу үчүн казылган жерден чыгат жана орточо эсеп менен алганда бир тарапка ташуу 2 км жеткен аралыкты камтыйт. Калган, болжол менен 800 000 м3 грунт, сапаттуу таяныч шынаасын жана анын үстүндөгү таяныч призмасын курууда керектелип (грунт тыгыздыгы 2,1 г/см3), орточо эсеп менен алганда 7 км аралыка ташылат.

КГК, өзүнө таандык шаймандар паркы болгон кызыккан уюмдарды жана жеке ишкерлерди техникалык жана коммперциялык сунуштарын Тандоо комиссиясынын төрагасы наамына оозу чапталган жана бетинде «2017-2018-ж.ж. Калдык сактоочу жайынын объектилерин куруу» деп жазылган А-4 өлчөмүндөгү конвертте 2017-ж. 31 январь саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24 дарегиндеги «Учкун» АКнун имаратынын 10-кабатына тапшырууга чакырат.

2017 ЖЫЛЫ КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ШАЙМАНДАР*:

• Автосамосвалдар 25 т – 40 даана.
• Фронталдык жүктөгүчтөр 3 м3 – 6 даана.
• Б10 же ага окшош типтеги бульдозерлер– 4 даана.
• D8 жана D9 типиндеги бульдозерлер– 2 даана.
• СAT 325 же Volvo EC3000L типиндеги экскаваторлор
• 18 тонналык же андан оор виброкатоктор – 4 даана.
• 10-15 тонналык автоцистерналар, 4х6 же 6х6 дөңгөлөк формуласы менен – 2 даана.
* – 2018 жыл үчүн керектелген шаймандар аталган жылдын эсептелген жер казуу иштеринин жалпы көлөмүнө жараша белгиленет.

Иш тартиби – 11 сааттык күндүзгү жана түнкү сменалар (күнүнө 22 саат). Кумтөр кен жайында шаймандардын майда оңдоо иштерин гана жүргүзүүгө уруксат берилет. Аба-ырайынын начар шарттарынан улам же болбосо оӊдоо иштеринин айынан шаймандардын иштебей бош туруп калган убакыты төлөнбөйт. Шаймандарды, жумуш жасалчу жерге жеткирүү жана жумуш бүткөндө базасына алып кетүү чыгашасын талапкер өзү көтөрөт.

КГКНЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ:

Талапкердин жумушчуларын Кумтөр кен жайында жайгаштыруу жана тамактандыруу, ошондой эле колдонулуучу шаймандардын отунун камсыздоо.
Талапкердин жумушчуларын Волнадан (Тамга жана Барскоон айылдарынын арасындагы аялдама) Кумтөр кен жайына чейин жана кайра жеткирүү.

БАА СУНУШУНА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

Сунуштар, төмөндөгү маалыматтарды чагылдырышы абзел:
– Уюм же жеке ишкер жөнүндөгү маалымат (каттоо күбөлүгүнүн, уставынын, алынган лицензия жана уруксаттардын көчүрмөлөрү, салык төлөөчүүнүн ишкердиги тууралуу маалыматтар, мурда аткарылган жумуштардын кыскача баяндамасы менен өнөктөштөрдүн тизмеси жана алардын берген мүнөздөмөлөрү);

– Сунуш кылынган шаймандар жөнүндө маалымат (типтери, саны, каттоо документтери, өткөрүлгөн техникалык тейлөөлөр, фото-сүрөттөрү);

– Мекеменин башкы кеңсеси, негизги жана регионалдык базалары жөнүндө маалымат;

– «Бардыгы камтылган» принциби боюнча эсептелген (бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү, шаймандардын мобилизациялоо жана демобилизациялоого кеткен чыгымдарды, жабдуулардын амортизациясын, мастер жана слесардын туруктуу негизде иштөөсүн, мастердин автоунаасын колдонуу чыгымдарын, эмгек акыларды, күнчыгымдарды жана үстөктөрдү, бейтап баракчаларын, кошумча чыгымдарды, кирешени ж.б. камтыйт) жогоруда аталган шаймандар менен ташылган, жүктөлгөн, түздөлгөн, сууланган же тапталган материалдын метр кубу үчүн баа сунушу;

– Тажрыйбаларынын баяндоосу менен инженердик-техникалык кызматкерлер жөнүндө маалымат;

– Талапкер керектүү жана пайдалуу деп эсептеген кошумча шарттар.

Бардык уюмдар, тандоо процедурасына өз каалосу менен жана өз каражатын колдонуп катышат, жана КГК койгон бардык шарттарга баш ийет. Талапкерлер тарабынан жасалган чыгымдарды кайра кайтарып берүү доолору ишкана тарабынан кабыл алынбайт. Тоо-кен жайына таанышуу сапарлары өткөрүлбөйт. Кошумча маалымат жана түшүндүрмөлөр үчүн kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук почта дарегине кайрылыңыздар.

КГК ишканасы тапшырылган баа сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт. КГК жумуштун болгон көлөмүн бир гана уюмга толугу менен тапшырбастан бир нече талапкер арасында бөлүштүрүүнү ниет кылат. Калган шарттардын бирдей болушу учурунда, Жети-Өгүз, Тоӊ райондорунда жана Балыкчы шаарында жайгашкан талапкерлерге артыкчылык берилет. КГК алдын ала тандоодон өткөн талапкерлер менен гана байланыш түзөт.