Өндүрүш

Өндүрүш

– Компания кайсы убакытка чейин иштейт?

– Геологиялык чалгындоолор маалыматынын негизинде ачык кенди эксплуатациялоо 2023-жылга чейин, ал эми кенди алтын ылгоочу фабрикада кайра иштетүү 2026-жылга чейин узартылган.

– «Кумтөрдөн» Канадага канча алтын ташылып чыккан?

– «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүлгөн бардык алтын «Кыргызалтын» ААКсы тарабынан сатылып алынат. «Кумтөр» компаниясы алтын экспорттобойт жана эч качан экспорттогон эмес.

– Кумтөр алтынын ким сатат?

– «Кумтөр» кен ишканасынан чыккан жалгыз өндүрм – Доре уютмалары, алар «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо кайра иштетилүү үчүн «Кыргызалтын» ААК тарабынан сатып алынат. Тазаланган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.

– Доре уютмасы деген эмне?

– – Доре уютмасы – «Кумтөр» кенинде чыгарылган өндүрүм жана курамында 70%дан жогору алтын, 10дон 29%га чейин күмүш, о.э. Доренин 10%нан ашпаган жандоочу аралашмалар (темир, цинк, жез, никель ж.б. элементтер) бар. Алтын «Кыргызалтын» ААКсынын Кара-Балта шаарындагы аффинаж заводунда аффинаждалат.

– Кенде бардыгы канча алтын казып алынган?

– «Кумтөр» кени иштеген жалпы мөөнөт ичиндеги алтын өндүрүү көлөмдөрү тууралуу толук маалымат “Өндүрүштүк көрсөткүчтөр” бөлүмүндө жеткиликтүү.

СУРОО-ЖООПТОРГО КАЙТУУ