– Компания кандай экологиялык жана өнөр жайлык нормаларды карманат?

– Өз ишмердүүлүгүндө «Кумтөр» компаниясы Кыргыз Республикасындагы жана Канададагы аракеттеги экологиялык стандарттарды, ошондой эле эл аралык финансы институттары, атап айтканда Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан кабыл алынган нормаларды карманат. Ошол эле учурда компания жогоруда көрсөтүлгөн стандарттардын эң катаалдарын жетекчиликке алат.

– Экологияны сактоо боюнча кандай иш чаралар жүргүзүлөт?

Өз ишинде «Кумтөр Голд Компани» курчап турган чөйрөгө таасирди минималдаштырууга умтулат. – Өз ишинде «Кумтөр ГолдКомпани» курчап турган чөйрөгө таасирди минималдаштырууга умтулат. Андан тышкары, компания өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн райондо экологиялык акцияларды ар тараптуу колдойт. Биздин сайттан Сиздер курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ар жылдык отчеттор жана көз карандысыз эксперттердин отчеттору менен тааныша аласыздар.

– Ишкана жабылгандан кийин калдыктарды сактоочу жай эмне болот?

– Кен ишканасын жабуудан алда канча мурда Кумтөр кенинин объектилерин эксплуатациядан чыгаруу планы иштелип чыккан. Бул долбоордун алкактарында табигый дренаж системасын, рельефти, топурактын геотехникалык туруктуулугун калыбына келтирүү жана алтын казып алуунун курчап турган чөйрөгө экологиялык кесепеттерин минималдаштыруу боюнча иштер аткарылмакчы. Калдыктарды сактоочу жай бардык нормативдүү актыларга ылайык консервацияланат. Ошондой эле атайын фонд түзүлөт, анын каражаттары кен ишканасы жабылгандан кийин калдыктарды сактоочу жайдын мониторингине жана тейлөөгө жумшалмакчы.

– Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгү мөңгүлөргө таасир этеби?

Коопсуз өндүрүш жана жоопкерчиликтүү кен иштетүү тажрыйбалары башкы ар дайым приоритеттер. Андыктан 1994-жылы Кумтөр иштей баштагандан тартып өңгү муздарын жана коштоочу заттарды жылдыруу расмий бекитиле турган иш чараларга кирет. Музду жылдыруу рудага коопсуз шартта эмгектенүү зарылчылыгынан жаралган жана алынып жаткан муздун көлөмү Борбор Азиядагы 1930-ж. бери климаттык өзгүрүүлөрдөн табигый 3/1 жок болгондон көп эсе аз*.
«Кумтөр» алтын казып алуу ишканасы 1000 кв км. аянты бар территорияны жана бир катар, анын ичинде кен ишканасына чектеш мөңгүлөрдү да камтыган Ак-Шыйрак тоо массивинин батыш кыркаларында жайгашкан. Жакында Петраков жана анын коллегалары тарабынан жасалган илимий изилдөөлөрдүн жүрүшүндө (2013) мөңгүлөрдүн эрүү проблемасы боюнча мурдагы илимий-изилдөө иштеринин маалыматтары такталган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн алкактарында кен ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн мөңгүлөрдүн абалына тике же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгү да анализделген. Мөңгүлөр зонасында жүргөн өзгөрүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо үчүн изилдөөнүн жүрүшүндө ар кайсы жылдардагы статистикалык маалыматтардын, ошондой эле эң жаңы спутник технологияларынын жардамы менен алынган маалыматтардын да анализи жасалган. 2003 – 2013-жылдар аралыгында массивдеги мөңгүлөрдүн жалпы аянты 373,2 кв. км. 351,2 кв. км чейин кыскарган, бул бүтүндөй Борбор Азия боюнча байкоолордун маалыматына дал келет. Кыскаруу 21,9 кв. км же 5,9%ды түзөт. Изилдөөнүн маалыматтары боюнча, ошол эле мезгилде өндүрүштүк ишмердүүлүк менен байланышкан жоготуулар 1,9 кв. км. же мөңгүлөрдүн бардык аянтынын 0,5%га жакынын түзгөн. Бир катар байкоочулар тарабынан акыркы мезгилде тоо-кен иштеринен улам чыккан чаң жалпысынан күн радиациясынын таасири астында мөңгүлөрдүн эрүү процессин күчөтө алышы мүмкүндүгү кооптонуусу айтылган. Бирок, алардын логикасына таянсак, мөңгүлөрдү кен ишканасынан алып салуудан улам жоготуулардын көлөмү кыскарууга тийиш. Ошентсе да, жогорудагы илимий изилдөөлөрдөн улам «Ак-Шыйрак массивиндеги мөңгүлөрдүн аянтынын кыскаруу ылдамдыгы «Кумтөр» кен ишканасынан болгон аралыктан көз каранды эместиги» аныкталган. Бир катар башка изилдөөлөр да мөңгүлөрдөгү кен ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн келип чыккан чаңдардын катмары табигый-жаратылыштык себептерден келип чыккан катмарларга салыштырмалуу таптакыр аз экендиги фактысын тастыктады.

– Компания өнөр жай калдыктарын кандайча утилдештирет?

Кен ишканасында түзүлгөн бардык калдыктарды үч башкы топко бөлүүгө болот: өнөр жайлык, тиричиликтик жана зыяндуу калдыктар. Офистердин, турак-жай лагеринин жана ашкананын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түзүлгөн тиричилик калдыктарын көмүү кен ишканасынын территориясында атайын полигондо жүргүзүлөт. Зыяндуу калдыктар (цианиддер жана башка химиялык заттар салынуучу материалдар, ошондой эле майланышкан чүпүрөктөр) ар күнү алардын түбү жогорку бышыктыктагы полиэтилен пленкасынан жана анын үстүндөгү топурак катмарынан турган атайын котловандарга топтолот. Өнөр жай калдыктары алгач ал үчүн атайын ыңгайлаштырылган аянтчада сорттолот (жыгач, пластмасса жана металл), андан кийин кызыкдар жергиликтүү компанияларга сатылат, анын үстүнө ал компаниялар сапат сертификатына ээ болушу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сакташы керек. Иштетилген майлар да кен ишканасынын территориясынан чыгарылууга жатат жана аларды транспорттоо ал үчүн атайын уруксаты бар жергиликтүү компания тарабынан жүргүзүлөт. Быйыл компания кен ишканасынын территориясынан иштетилген покрышкаларды да чыгарып салууга киришти, анын үстүнө аларды траспорттоо аракеттеги талаптарга толук ылайык жүргүзүлөт. Металл калдыктарын ташып чыгарууда «Вулкан Плюс» компаниясы артыкчылыкка ээ, себеби ал ар кандай өлчөмдөгү болот шарларды өндүрүүчү болуп саналат, а алар кен ишканасы тарабынан руданы жеткире майдалоо үчүн пайдаланылат. Ишкананын территориясынан металл калдыктарын ташып чыгуу укугуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бекем сактаган башка жергиликтүү компаниялар да ээ.

– Компаниянын суу чарба ишмердүүлүгүн башкаруу системасы кандай?

Суу компания тарабынан өндүрүштүк муктаждыктарды канааттандыруу – негизинен алтын ылгоочу фабрикада, ошондой эле турак-жай лагеринде, офистерде жана мастерскаяларда тиричилик максаттарында (ичүүчү суу жана коммуналдык-тиричиликке керектелүүчү суу) пайдаланылат. Андан тышкары, өндүрүштүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максаттарында компания кен ишканасынын котлованынын территориясынан сууну алып салуу менен да алектенүүгө тийиш. Өзүнүн суу чарба ишмердүүлүгүндө компания чечкен башкы милдеттер төмөнкүлөрдөн турат:

  • Компаниянын бардык кызматкерлерин керектөө үчүн коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  • Рудага жетүүнү камсыз кылуу жана эмгектин туруктуу жана коопсуз шарттарын түзүү максатында карьердин борбордук участогунан сууну жана муз массаларын алып салуу;
  • Курчап турган чөйрөгө кайтарылуучу суу жаратылыш үчүн коопсуздук жаратпашы жана сапаттын белгиленген нормативдерине ылайык келүүсү үчүн контролду жүзөгө ашыруу;
  • Ачык көлмөлөргө куюлуучу тунган агындылардын көлөмдөрүн төмөндөтүү максатында агындыларга контролду жүзөгө ашыруу.

Компания адаттагы тиричилик муктаждыктарын канаттандыруу үчүн пайдаланылган сууга (ичүү, тамак даярдоо, жеке гигиена, ошондой эле турак-жай лагеринин жана офис жайларынын территориясын жалпы жыйноо үчүн) Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жана Канаданын нормативдерине ылайыктуулукка үзгүлтүксүз анализ жүргүзүлөт. Компания пайдаланган ичүүчү суу жогоруда көрсөтүлгөн бардык нормативдерге ылайык келет, демек, башка бардык максаттарга пайдалануу үчүн коопсуз болуп саналат.
Сууну алуу жана сапатка анализ жүргүзүү концессиялык зонанын бардык территориясы боюнча жайгашкан 30дан ашуун пункттарда жүргүзүлөт. Компаниядагы аракеттеги суу пайдалануу системасы жөнүндө кеңири маалыматтары айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүүжылдык отчеттордо берилген.

– Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгү «Кумтөрдүн» концессиялык территориясы менен чектеш аймактардагы жаныбарлар менен өсүмдүктөргө таасир этеби?

Көз карандысыз изилдөөлөр көрсөткөндөй, кен иштеп баштагандан бери аймактагы жапайы жаныбарлардын саны көбөйгөн. Компания “Фауна жана флора Интернешнл” сыяктуу өнөктөштөр менен бирге кен ишканага кошуна Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругуна колдоо көрсөтүп келет. Компания кен аймагындагы флора жана фаунаны, анын ичинде суу жандыктарында изилдеп келет жана кенди жабуу иш чараларында колдонууга маалымат топтоодо.
«Кумтөр» кен аймагындагы жапайы жаныбарлардын саны жыл сайын өсүүдө. Кен иштетиле баштаган кезден бери тоо теке жана аркарлардын адамдардын жанаша турганына көнгөн бир нече мууну пайда болду. Кен ишканасына коңшу Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун маалыматы боюнча, ак илбирстин саны да көбөйүүдө.

– Петров көлүнүн жырып кетүүсүнүн натыйжасында суу каптоо коркунучу канчалык?

Мөңгүлөрдүн эрүү процесси менен байланышкан чочулоолордун бири бийик тоолуу көлдөрдүн табигый ширенди дамбаларындагы (адатта, мөңгүлөрдүн этегинде жайгашкан) эриген мөңгү массалары бул табигый дамбалардын туруктуулугун бузушу, анын натыйжасында зор суу көлөмдөрүнүн күтүүсүз агып чыгуулары жүрүшү мүмкүндүгү менен байланышкан. Мындай кубулуш мөңгү көлдөрүнүн жырып кетүүсү деп аталат. «Кумтөр» кен ишканасына жакын жайгашкан жана ал үчүн башкы суу жабдуу булагы болуп кызмат кылган Петров көлү дал мына ушундай суу анда табигый ширенди дамба менен тосулуп турган бийик тоолуу көл болуп саналат. Ал акыркы бир нече ондогон жылдары олуттуу жана үзгүлтүксүз эрүүнүн бардык белгилерин көрсөтүп жаткан Петров мөңгүсүнүн этегинде турат. Компания ширенди дамбасынын мүнөзүн жана көлдүн жырып кетүү коркунучун жакшы түшүнүү үчүн илимий изилдөөлөрдүн сериясын жүргүзүүнү финансылаган, а бир катар учурларда түз заказ берген. Бул изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча компания ширенди дамбасынын кыймылына мониторинг жүргүзүүдө. Компания кен ишканасынын инфраструктурасынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коргоо чараларынын кошумча системасын түзүүнү пландаштырууда, ошондой эле мониторингдин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарына маалымат берүүнү андан-ары улантмакчы. Акыркы эки жыл аралыгында компания тарабынан көлдүн жырып кетүү коркунучун минималдаштыруу үчүн чаралар көрүлгөн, ал үчүн күз мезгилинде андан аяз түшкөнгө чейин эркин агып чыгууну камсыз кылуу максатында Петров көлүнүн агындыларын тунуп калуулардан тазалоо жүргүзүлгөн.

– Компаниядан чыккан өндүрүштүк чыгындылар Кумтөр жана Нарын сууларына кандай таасир этет?

Сууну жөндөө жана тазалоо кандай иш жүзүнө ашып жаткандыгынан кабар берүүчү көзөмөлдүк иш, айлана-чөйрөнү коргоодогу эң маанилүү багыттардын бири. Убагы менен көзөмөл жүргүзүү келечек маселелер тууралуу алдын-ала кабар берип, алар татаалдашып кете элегинде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Көзөмөл жүргүзүү биздин жаратылышты коргоо боюнча иш алып барган тобубуздун жоопкерчилиги, жана кен казуу аймагынан жылына 9 000 ден ашык абанын, топурактын жана суунун үлгүлөрү чогултулат (“Кумтөр жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө” баракчасын окуңуз).
Суунун үстүңкү катмарын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, агымдын жогорку кенге чейинки тарабы менен ( баштапкы абалды көзөмөлдөө үчүн), сууну тазалоого чейинки жана кийинки, жана ошондой эле агымдын төмөн тарабындагы маанилүү түйүндөр менен бирдикте 15 туруктуу үлгү алып туруучу жайлар бар. Бул концессиялык аймактын төмөнкү агымындагы “Текшерүү Түйүнү”, W1.5.1 же “Аралашма Зонанын Бүтүүсү” деген аталыштар менен белгилүү түйүндү камтыйт. Кенден төмөн карай 230 чакырым, Нарын шаарынан 2 чакырым жогорку агымга чейинки суунун бөлүгүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүлөт.

Биздин жыйынтыктар боюнча Текшерүү Түйүнүндөгү суунун сапаты тиешелүү сапаттык стандарттарга жооп берет. Бирикмелер (мисалы, марганец, магний, алюминий жана темир) көп болгон болсо, ал жергиликтүү жаратылыштын табигый түрдө жогорулаган бирикмелер болгондун себебинен, бирок алар адамдын ден соолугуна жана табиятка зыян алып келбейт. Биз дайыма Нарындын суу сапатынын стандарттары менен шайкеш келебиз. Жакында Кумтөр Нарын суусун өз алдынча текшерип туруусу үчүн Нарын Мамлекеттик Университети менен макулдашууга келди.

Өкмөт өкүлдөрү дагы текшерүү жүргүзүү үчүн өз алдынча суунун үлгүлөрүн алып турушат. Буга кошумча, Кыргыз Өкмөтү тарабынан каржыланган Мамлекеттик Комиссиясынын өтүнүчү менен Кумтөр 2012-жылы суунун сапатын баалоо боюнча көз карандысыз иш жүргүзгөн. Бул иш немис адистери тарабынан көп жыл мурда түзүлгөн жана кадыр-барктуу Германиялык лабороторияда жүргүзүлгөн. Суунун үлгүсүн алуу (суунун үстүңкү катмарынан 12 түйүндөн) жана анализ жүргүзүү Европа менен Германия стандарттарынын негизинде ишке ашкан. Андан келип чыккан негизги жыйынтыктар:

  • “суунун үстүңкү кыртышында уулуу заттар менен цианиддин бирикмелери ашыкча көп” дегенге далилдин жоктугу.
  • “Саркынды суулардын курамында цианид жана заттардын бирикмелери Саркынды Суу боюнча Германия Токтомунун чегинен бир далай төмөн.”
  • Кээ бир көрсөткүчтөрдүн жогорулаган бирикмелери мындан ары дагы изилдөө зарылдыгын белгилейт, бирок Кумтөр суусунун төмөнкү агымы “адамдар үчүн эч коркунуч туудурбайт”.

СУРОО-ЖООПТОРГО КАЙТУУ