Жарыяланган: 02 June 2026
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому компаниянын аталышы жана корпоративдик символикасы мыйзамсыз колдонулган алдамчылык электрондук билдирүүлөрдүн таралышы боюнча учурлар аныкталганын маалымдайт.
Маалыматтарга ылайык, белгисиз тарап «Кумтөр Голд Компанинин» атынан жасалма электрондук почта даректерин жана расмий кат алышуу элементтерин колдонуу аркылуу фишингдик билдирүүлөрдү жөнөтүшү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлерди, өнөктөштөрдү жана контрагенттерди төмөнкү коопсуздук чараларын сактоого чакырат:
— жөнөтүүчүнүн электрондук почта дарегин кылдат текшерүү. Компаниянын расмий электрондук даректери ар дайым @kumtor.kg менен аяктайт;
— шектүү шилтемелерге өтпөө жана текшерилбеген булактардан келген тиркемелерди ачпоо.
«Кумтөр Голд Компани» бардык кызыкдар тараптарды сак болууга чакырат жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга, ошондой эле өнөктөштөрү менен контрагенттеринин кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурарын белгилейт.
