2011-жылы Кыргыз Республикасынын ар кайсы министрликтер менен ведомстволорунун өкүлдөрү «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» объектилерине 22 инспекция жүргүзүшкөн

2011-жылы Кыргыз Республикасынын ар кайсы министрликтер менен ведомстволорунун өкүлдөрү «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» объектилерине 22 инспекция жүргүзүшкөн

Жарыяланган: 19 July 2012

2011-жылы «Кумтөр» кен ишканасында Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана эксперттери да болушканТекшерүүлөр Мамтоотехкөзөмөл, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Ысык-Көл областтык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Жаратылыш ресурстары министрлигинин Геоэкология башкармалыгы жана башка текшерүүчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн.

Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан эле өткөн жылы жалпысынан «Кумтөр» кен ишканасына алты инспекция жүргүзүлгөнүн белгилеп коелу. 2011-жылы «Кумтөр» кен ишканасында Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана эксперттери да болушкан.

Ошондой эле, 2011-жылы компания цианидди транспорттоого, сактоого жана алтын өндүрүүдө пайдаланууга тиешелүү бардык процедуралардын жана документациялардын эки жолку аудитордук текшерүүсүнөн өткөн. WESA аудитордук компаниясынан Цианидди пайдалануунун эл аралык институту тарабынан тандалып алынган көз карандысыз эксперттер компаниянын бардык бардык процедуралары жана операциялары Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексинин принциптери менен толук ылайык жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө корутунду беришти. Натыйжада 2012-жылдын майында Цианидди пайдалануунун эл аралык институтунун сертификатын алуу «Кумтөр Оперейтинг Компани» үчүн экологиялык жоопкерчилик тармагындагы олуттуу окуя болуп калды.

Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча отчет менен сиздер бул жерден тааныша аласыздар.