«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси Балыкчы өткөөл базасынын жамааты менен жолукту

«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси Балыкчы өткөөл базасынын жамааты менен жолукту

Жарыяланган: 14 October 2022

Балыкчы өткөөл базасы (БӨБ) – “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын негизги транспорттук жана логистикалык борбору болуп эсептелет. Бул жакка күн сайын “Кумтөр” кенинин үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуучу жүздөгөн тонна ар кандай жүктөр темир жол жана автомобиль транспорту аркылуу жеткирилип турат.

Жакында эле КГКнын президенти Алмазбек Барыктабасовдун БӨБтүн эмгек жамааты менен бейформал жолугушуусу болуп өттү. Анда өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү, тетиктер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана кызматкерлерди социалдык жактан коргоо боюнча кошумча чараларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Суроо-жооп форматында өткөн бул жолугушууда КГК башчысы компаниянын учурдагы негизги долбоорлоруна токтолуп, «Кумтөрдүн» кызматкерлерин жумушта коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды. Анын айтымында, бүгүнкү күндө ишкана жетекчилигинин жана жамаатынын алдында турган негизги милдеттердин бири – «Кумтөрдү» коопсуз иштөө ыкмалары жана бизнести ак ниеттүү жүргүзүү боюнча өлкөнүн алдыңкы компаниясына айландыруу.

«Компаниянын азыркы жетекчиси Алмазбек Барыктабасовду көптөн бери билебиз. Ал “Кумтөр” кандай иштеп жатканын жана өндүрүш кандай уюштурулаарын, жабдууларды туура жана коопсуз тейлөө канчалык маанилүү экенин жакшы билет. Андыктан ага жамаат ишенет», – дейт айдоочу Акылбек Атказиев.

Ошондой эле жыйналышта жүк ташуучу унаалардын паркын, материалдык-техникалык базаны рационалдуу жана эффективдүү башкаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Андан соң Алмазбек Барыктабасов мекеменин аймагын кыдырып, кызматкерлердин өндүрүштүк жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Буга чейин Алмазбек Барыктабасов “Кумтөр” кениндеги кызматкерлер менен дагы ушундай бейрасмий жолугушуу өткөргөн. Ачык баарлашуу кызматкерлерге компания жетекчилигинин иши жөнүндө ачык маалымат алууга жана пикир алышууга жакшы шарт түзмөкчү. Компания кызматкерлери менен болгон мындай жолугушуулар дагы да улана бермекчи.