2022-жылдын тогуз айындагы өндүрүштүк жыйынтыктар

2022-жылдын тогуз айындагы өндүрүштүк жыйынтыктар

Жарыяланган: 02 November 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) 2022-жылдын тогуз айындагы өндүрүшүн жыйынтыктады. «Кумтөр» кенинде 389 357 унция¹, же 12 110,3 кг алтын өндүрүлдү. 2022-жылдын башынан КГК 26,78 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөр которду.

2022-жылда КГКнын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү окуялар

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААК, «Центерра Голд Инк.» ортосунда Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлуп, ал келишимге «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК (КОК) да кол коючу тарап болуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №102 Токтому менен бекитилген. Глобалдык жөнгө салуу келишими башка маселер менен катар “Центерра Голд Инк.” (жалгыз акционер) тарабынан «Кыргызалтын» ААКтын ээлигине КГКнын 100% акциясы жана КОКтун 100% акциясы өткөрүлүп берилишин жөнгө салат.

2022-жылдын 29-июлунда Глобалдык жөнгө салуу келишиминин тараптары ортосунда келишимдин жабылышын тастыктаган документтерди алмашуу болуп өттү. Жогорудагы Глобалдык макулдашууну аткаруу максатында “Центерра Голд Инк” КГКнын 100% акциясына жана КОКтун 100% акциясына менчик укугун каттоо үчүн «Кыргызалтын» ААКка өткөрүп берүү тескемелерин тапшырды. 2022-жылдын 2-августунда көз карандысыз реестр каттоочу «Кыргызалтын» ААКтын КГК менен КОКтун акцияларына менчик укугун каттады.

2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №446-р буйругу менен КГКда убактылуу тышкы башкаруу токтотулду.

2022-жылдын 23-24-августунда КГКнын жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» ААКтын чечимдерине ылайык КГКнын башкаруу органдары шайланган.

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 142 мыйзамы менен ратификацияланган 2009-жылдын 24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» ААК, «Центерра Голд Инк» канадалык компаниясы, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК жана «Камеко» канадалык корпорациясынын ортосундагы «Кумтөр» долбоору боюнча  жаңы шарттары жөнүндө макулдашуу, 2009-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Центерра Голд Инк.” компаниясынын, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК ортосундагы Кайра каралган инвестициялык макулдашуу, жана ошондой эле 2009-жылда «Кумтөр» долбоору боюнча кайра каралган башка макулдашуулар «Центерра Голд Инк.» компаниясына жана анын мурунку менчик ээлерине гана карата токтотулган. КГК жана КОКко карата “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашуулардын жоболору күчүн жоготкон жок жана колдонула берет.

Продукцияны өндүрүү жана сатып өткөрүү

2022-жылдын башынан бери алтын өндүрүү, мурда казылып топтолгон рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алуу менен бирге, 389 357 унцияны түздү, ал эми 2021-жылдын тогуз айына салыштырсак бул көрсөткүч 292 970 унцияны түзгөн болчу. Өндүрүү көлөмүнүн өсүшү биринчи учурда фабрикага берилген рудада алтындын курамы жогору болгонуна байланыштуу, жана ошондой эле рудадан металлды ылгап алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу. 2022-жылдын тогуз айында алтын курамы ар кандай болгон кампалардан фабрикага жиберилген кендин орточо курамы 3,40 г/т түзүп, кенден алтын ылгоо коэффициенти 79,2% түздү, ал эми 2021-жылдын окшош мезгилиндеги ушундай көрсөткүчтөр 2,72 г/т жана 71,8% түзгөн болчу.

2022-жылдын тогуз айында 379 551 унция же 11 805,37 кг алтын сатылды. Алтынды сатуудан жалпы киреше 2022-жылдын тогуз айында 679,8 млн. АКШ долларынтүздү.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК, «Кыргызалтын» ААК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2009-жылы түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатуу тууралуу кайра каралган келишимде (АКСККК) белгиленгендей, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат. АКСКККнын жоболоруна ылайык аффинаждалган алтын жана күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатуу укугуна жалгыз «Кыргызалтын» ААК гана ээ.

Геологиялык чалгындоо иштери

2022-жылдын 9 айында Кумтөр кенинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо иштери Түштүк-Батыш, Борбордук, Музду-Суу жана Сары-Төр аймактарындагы кычкылданган жана азыраак деңгээлде сульфиддүү рудалардын запастарын баалоого жана чалгындоого багытталган. Бардыгы болуп жыл башынан сентябрь айынын аягына чейин жалпы көлөмү 35801,6 погондук метрди түзгөн 176 скважина бургуланган. Жыл башынан бери Алекс Стюарт лабораториясы 6190 үлгүнү анализдеген. Жүргүзүлгөн жумуштар Түштүк-Батыш (Надежда жана Терең кычкылданган (Глубоко Окисленная) зоналар) жана Музду-Суу участкасында коммерциялык кызыкчылыкка ээ болушу мүмкүн болгон мурда аныкталган кычкылданган минерализациянын болуусун ырастады. Аныкталган рудалык тулкуларды чалгындоо улантылууда жана потенциалдуу жер астынан казып алуу үчүн сульфид рудасынын терең запастарын чалгындоо пландалууда. Рудалык денелер чечмеленүүдө жана блок модели жаңыланууда. «Үмүт» (Надежда) зонасы жана «Музду-Суу» участогу ачык ыкма менен иштетүүгө ылайыктуу экени күтүлүүдө, ал эми «терең кычкылданган»  зонасы ачык карьер менен иштетүү үчүн өтө терең жайгашкан. Ачык ыкма үчүн жалпы запастардын өсүшү 20 тоннага чейин жана жер астындагы кендерди иштетүү үчүн 10 тоннадан 20 тоннага чейин болоору күтүлүүдө.

Тоо-кен иштери

2022-жылдын январынан сентябрына чейин кен казуу иштери Центральный, Сары-Төр жана Түштүк-Чыгыш (Юго-Западный) аймактарында жүргүзүлгөн. 2022-жылдын тогуз айында Кумтөр кенинде тоо-кен иштеринин көлөмү 124,24 миллион тоннаны түздү. Иш жүзүндө 2022-жылдын тогуз айында өндүрүлгөн товардык руда 5 миллион 238 миң тоннаны түздү, ал эми казылып алынган рудадагы алтындын орточо курамы 3,67 г/т. туздү.

Тоо-кен иштерине чыгымдар. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин казылып алынган бир тонна руданы казып алуу чыгымдары 2021-жылдын ушул эле мезгилиндеги 1,00 долларга салыштырмалуу 1,49 долларды түздү. Тоо-кен иштерине чыгымдардын өсүшү биринчи кезекте тоо-кен иштеринин көлөмүнүн кыскарышы жана дизелдик май менен керектүү запастык бөлүктөргө баанын жогорулашынан улам өскөн чыгымдарга байланыштуу. Жалпы тоо-кен иштерине чыгымдар  2022-жылы 185,3 миллион АКШ долларын түздү, ал эми 2021-жылы 152,0 миллион АКШ долларын түзгөн.

Фабикада кайра иштетүүгө чыгымдар. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин бир тонна руданы иштетүү чыгымы 2021-жылдын ушул эле мезгилиндеги 10,92 долларга салыштырмалуу 12,96 АКШ долларын түздү. Бул өсүш биринчи кезекте фабриканын жабдууларын алмаштырууга кеткен чыгымдардын жогорулашына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 жаңы Токтомунун негизинде жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу наркынын жогорулашына байланыштуу.

Кен ишканасын камсыздоого кеткен чыгымдар

2022-жылдын январынан сентябрына чейинки мезгилде Кумтөр кенин камсыздоого кеткен чыгымдар 2021-жылдын ушул эле мезгилиндеги 32,0 миллион АКШ долларына салыштырмалуу 38,0 миллион АКШ долларын түздү. Чыгымдардын өсүшү убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде аутсорсингге которулган суткалык комплекстүү тамактанууну уюштурууга кеткен чыгымдардын көбөйүшүнө, дизель майынын баасынын өсүшүнө жана кендеги байланыш жабдууларына баанын өсүшүнө байланыштуу.

Өндүрүш чыгымдары. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин сатылган продукциянын унциясына өндүрүштүк чыгымдар 2021-жылдын ушул эле мезгилиндеги 516 АКШ долларына салыштырмалуу 541 АКШ долларын түздү. Бул өсүш биринчи кезекте тоо-кен казып алуу иштерине кеткен чыгымдардын өсүшүнө, капиталдаштырууга дуушар болгон кыртыш ачуу көлөмүнүн төмөндөшүнө, кайра иштетүүгө кеткен чыгымдардын жана кенди тейлөөгө кеткен чыгымдардын жогорулашына байланыштуу.

Өндүрүштү камсыздоого кеткен жалпы чыгым.  2022-жылдын январынан сентябрь айына чейинки мезгилде сатылган продукциянын бир унциясына эсептегенде өндүрүштү камсыздоого кеткен жалпы чыгым (дүң кирешеге салыкты кошпогондо) унциясына 855 АКШ долларын түздү, ал эми  2021-жылдын ушул эле мезгилиндеги бир унцияга 805 долларды түзгөн. Бул өсүш, биринчи кезекте, өндүрүштү камсыздоого капиталдык чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу, негизинен оор техниканы капиталдык оңдоодого жана өндүрүштүн чыгымдардын наркынын өсүшүнөн улам келип чыкты.

Дүң киреше салыгын кошкондо, 2022-жылдын январынан сентябрына чейинки мезгилде бул көрсөткүч 1 184 АКШ долларын түздү, ал эми  2021-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч унциясына 1 124 АКШ долларын түзгөн. Бул өсүш, биринчи кезекте, кайра каралган Инвестициялык макулдашууга ылайык минералдык-сырьелук базаны камсыздоого керектелген суммасынын көбөйүшүнө жана колдоо фондунун төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болгон.

Кыргыз Республикасынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү төлөмдөр

2022-жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр жана Кайра каралган инвестициялык макулдашууда (ККИМ) каралган башка милдеттүү төлөмдөр 26,78 миллиард сомду түздү.

«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы эң ири алтын кени болуп эсептелет. 1997-жылдын май айында өнөр-жай өндүрүшү башталгандан тартып 2022-жылдын 30-сентябрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 14,1 млн унция алтын өндүрүлгөн.