«Кумтөр Голд Компани» кызматкери Нурайым Жунусова «Теңир-Тоо айымдары» төш белгиси менен сыйланды

«Кумтөр Голд Компани» кызматкери Нурайым Жунусова «Теңир-Тоо айымдары» төш белгиси менен сыйланды

Жарыяланган: 24 February 2017

11-февралда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Кумтөр Голд Компани» кызматкери Нурайым Жунусова «Теңир-Тоо айымдары» медалы менен сыйланды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү жана Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, «Насаатчы», «Асылзат нуру», «Теңир-Тоо айымдары» коомдук фондулары менен биргеликте уюштурулган «Насаатчы» теледолбоору алкагында өткөн.

Иш-чара «Ыйман, адеп жана маданият жылына» арналып, кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган ар-тараптан жетик инсанды калыптандыруу жагына терең маани берүү менен уюштурулган. Аталган сыйлыкка Нурайым Жунусова өз кесибинде насаатчылыкта жетишкен ийгиликтери менен жеке инсандык сапаттары үчүн көрсөтүлгөн.

«Кумтөргө кирип калганым – жашоомдогу чоң сыйлык деп эсептейм. Бош күндөрү башка жерде да иштейм, ашпозчулардын ишинде талаптар көп, бирок коопсуздук техникасы менен эрежелерди сактоо боюнча Кумтөр баарынан жогору турат. Кесиптештерим аябай жакшы, бири-бирибизди колдойбуз, кеңешип турабыз. Учуру болсо жаштарга ыйман, ата-эненин баркын биле жүрүүгө, сыйчылдыкка үндөп турам», – деп сыйлык ээси кошумчалады.

Нурайым Жунусова компанияда үч жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенет. Кесиптешибизди сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, дагы ийгилик жаратуусуна тилектешпиз!