Кумтөр кен калдыктарды сактоочу жайынын дамбасын чоңойтуу долбоорун иштеп чыгуу

Кумтөр кен калдыктарды сактоочу жайынын дамбасын чоңойтуу долбоорун иштеп чыгуу

Жарыяланган: 23 September 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК


«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК) Кыргыз Республикасынын долбоорлоо уюмдарын Кумтөр кен ишканасынын алтын ылгоо фабрикасынын калдыктарды сактоочу жайынын дамбасын чоңойтуу долбоорун иштеп чыгуу конкурсуна катышууга чакырат.

ДОЛБООРЛОО УЮМДАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо укугун берген тийиштүү жоопкерчилик деңгээлиндеги экинчи даражадан төмөн болбогон лицензияга ээ болуу (көчүрмөсүн тапшыруу зарыл).
2. 1 жана 2 даражадагы гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо тажрыйбасына ээ болуу (мекеменин резюмесин/кыскача баяндамасын, долбоор түзүүчүлөрдүн сертификаттарынын көчүрмөлөрүн, ж.б. тапшыруу зарыл).
3. Материалдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу, долбоор түзүүчүлөрдүн тийиштүү долбоорлоо жумуштарын актаруу үчүн керектүү билимге жана тажрыйбага ээ болушу.
4. Баа сунуштарын тапшыруу.

Бардык сунуштар, оозу чапталган жана сыртында “Калдыктарды сактоочу жайынын дамбасын долбоорлоо” деп жазылган конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 14 каб., дарегине 2016-ж., 28-октябрь, саат 17:00 чейин тапшырылуусу зарыл.

Эң ылайыктуу шарттарды сунуштагандар келишимдин шарттарын жана жоболорун деталдуу талкуулоого чакырылат. Кумтөр ишканасы ар-кайсы коммерциялык сунушту бүтүндөй же жарым-жартылай кабыл алуу же албоо укугун сактап, эң төмөн бааны сунуштаган талапкерди чакырууга милдеттенбейт.

Техникалык тапшырманы алуу жана башка суроолор боюнча, kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.