Ысык-Көл областынын Сару айылында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен төртүнчү республикалык спорттук турнир болуп өттү

Ысык-Көл областынын Сару айылында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен төртүнчү республикалык спорттук турнир болуп өттү

Жарыяланган: 01 October 2013

2013-жылдын 29-30-сентябрында Жети-Өгүз районунун Саруу айылында грек-рим күрөшү боюнча республикалык спорттук турнир болуп өттү.

Бул 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтында курман болгон спортсмен Рустан Шамбетовдун эстелигине арналган төртүнчү турнир. «Кумтөр» компаниясы салттуу түрдө турнирдин уюштуруучуларын колдоп келет жана мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл каражаттарды бөлдү.

Турнирдин салтанаттуу ачылышына өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев, алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Турнирдин катышуучуларынын саны жана анын камтуусу жыл сайын көбөйүүдө. Быйыл мелдештерге Кыргызстандын бардык региондорунан жүздөгөн спорсмендер катышууда. Турнирдин алкактарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештерден тышкары, жакын жайгашкан айылдардын командаларынын көк бөрү жана мини-футбол боюнча жолдоштук беттешүүлөрү да болуп өттү.