08.05.2021: 6.92 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 535 620 220 USD

«Кумтөр Оперейтинг Компанини» Майкл Фишер жетектеп калды

Жарыяланган: 02 March 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компанини» Майкл Фишер жетектеп калды«Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын 2-мартынан баштап компаниянын президентинин милдеттерин аткарууга Майкл Фишер киришкенин билдирет, ал 2009-жылдын мартынан КОКто өндүрүш боюнча вице-президент кызматында иштеп келген. Буга чейин президент болгон Роберт Вандер контракттын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу компаниядан кетүүдө.

Майкл Фишер – Жаңы Зеландияда туулган. Тоо-кен инженери билимин алган. 30 жылдан ашуун иш тажрыйбасына жана тоо-кен өндүрүшүн башкаруу тажрыйбасына ээ. Түштүк Африкада, Австралияда, Папуа-Жаңы Гвинеяда, Чилиде алтын жана түстүү металлдар кендеринде иштеген.

КОКтун өндүрүш боюнча вице-президенти болуп Родни Ступарик дайындалды, ал 13 жылдан ашуун компанияда иштейт. КОКто иштеген мезгилде ал өндүрүштө эмгекти жана саламаттыкты коргоо, өнөр жай коопсуздугу, технологиялык процесстерди өркүндөтүү маселелерине жооптуу болгон. 2009-жылдан баштап Родни «Кумтөр» кен ишканасынын тоо-кен бөлүмүнүн ишин жетектеген.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар.

Майкл Фишер  менен Роберт Вандер

Предыдущая публикацияЗИНА АСАНКОЖОЕВА: КЫРГЫЗСТАНДА 2012-ЖЫЛЫ АЛТЫН-ВАЛЮТА ЗАПАСТАРЫН КӨБӨЙТҮҮ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА Следующая публикация«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери адамды сактап калышты
08.05.2021: 6.92 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 535 620 220 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.