ИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 07 September 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Из кагаздарын жүгүртүү кызмат бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Филологиялык, лингвистикалык жогорку билим;
  • Кыргыз, орус жана англис тилин билүү;
  • Жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана пунктуалдуу;
  • Иш кагаздары менен иштөөнүн негиздерин билүү;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү.

Милдеттери:

  • Коопсуздук техникасын сактоо;
  • Купуя маалыматты жайылтпоо;
  • Компаниянын иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди иштеп чыгууга жардам көрсөтүү;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн котормочуларынын жетекчилиги астында жазуу жана оозеки которууга көмөк көрсөтүү;
  • Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш-чараларына катышуу;
  • КГКнын белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоо;
  • Жетекчинин башка тапшырмаларын аткарууга.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2023-жылдын 21-сентябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.