ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 19 September 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инженердик-геологиялык бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Пайдалуу казындылардын кендерин жер алдында иштетүү”, “Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери”, “Пайдалуу жер казыналардын геологиясы”, “Гидрогеология”, “Өнөр жай жана жарандык курулуш” багыттарынын бири боюнча жогорку билим;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office жана AutoCAD программасын билүү;
  • Алган билимине ылайык кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Жеке инсандык сапаттары: эмгекчилдик, аткаруучулук, командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
  • Белгиленген график боюнча такшалма өтүүгө даяр болуу.

Милдеттери:

  • Геодезиялык жабдууларды, аспаптарды жана алардын колдонулушун өздөштүрүү жана изилдөө;
  • Маркшейдер тартууларын коопсуз жүргүзүүгө жана геодезиялык шаймандарды колдонуу менен алып чыгууга көмөктөшүү;
  • Карьердин бортундагы мониторинг чекиттерин орнотуу жана сүрөткө тартуу, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана тартуу боюнча нускамаларга ылайык, ишти коопсуз аткарууга көмөктөшүү;;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу;
  • Кен ишканасынын геологдорунун иштери менен таанышуу;
  • Кен ишканасынын гидрогеологдорунун иштери менен таанышуу;
  • Инженерлердин долбоорлору, инфраструктуралык объекттердин схемалык чиймелери боюнча иштери менен таанышуу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн: 2023-жылдын 3-октябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.