ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУНДА МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО ИШТЕРИ УЛАНУУДА

ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУНДА МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Жарыяланган: 22 January 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Чүй облусунун Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүү заводунда ишкананы модернизациялоо иштери уланууда.

Бүгүнкү күнгө карата эки цехтин терезелери салынып, сырты жасалгаланып, жылууланды. Жаңы жабдууларды орнотуу, жумуш орундарын оптималдаштыруу иштери дээрлик аяктап калды.

Завод өз кызматкерлерине ынгайлуу жумуш шартын түзүп берүү менен жаңы өндүрүштүк ийгиликтерге жетүүгө умтулууда.

Эске сала кетсек, бул завод 2023-жылдын август айында тесттик режимде ишке берилген. Заводдун ишмердүүлүгү эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү менен алардын экологияга тийгизген таасирин минималдаштырууга багытталган.