“Кумтөр Голд Компани” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү уруксаттарды, уруксаттамаларды жана макулдашууларды алууну улантууда. Негизги уруксаттар менен документтердин тизмеси төмөндө келтирилген.
| Уруксаттамалардын аталышы | Жарактуу мөөнөтү* |
|---|---|
| Кайра каралган Концессиялык Келишим | 2042-жыл |
| Өзгөчө кырдаалдагы аракеттердин планы (ӨКАП) | ӨКАП өзгөргүчө |
| “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунда таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу ишинин лицензиясы | 15-февраль 2027 |
| Калдыктарды айлана-чөйрөдө жайгаштырууга уруксат | 9-январь 2026 |
| Стационардык булганыч булактарынан атмосферага таштоого уруксат | 11-июль 2025 – 11-июль 2026 |
| Курулуш иштерин аткарууга лицензия | Чектөө мөөнөтсүз |
| Концессиялык аянтта тоо иштерин жүргүзүү укугуна уруксат | 30-октябрь 2026 |
| Борбордук, Түштүк-Батыш жана Сарытөр карьерлеринде жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксаттар | 14-январь 2026 |
| Кумтөр кенине чейин цианиддүү натрийди автоунаа менен коопсуз ташуу шарттары | Чектөө мөөнөтсүз же өзгөрүү киргизилгенге чейин |
| Балыкчыдан Кумтөр кенине чейин натрий цианидин ташууга уруксат | 25-ноябрь 2025 |
| Кумтөр кенинде натрий цианидин сактоого уруксат | 25-ноябрь 2025 |
| Электр байланыш жана маалымат өткөрүү жаатында лицензия | Чектөө мөөнөтсүз |
| Тазаланган өндүрүштүк агындыларды төгүүгө уруксат | 12-май 2026 |
| Тазаланган чарба-тиричилик агындыларды төгүүгө уруксат | 12-май 2026 |
* Уруксаттамалар жарактуу мөөнөтү аяктаган сайын жаңыртылат