Жарыяланган: 21 July 2026
2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилде «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң АКШ долларын которду.
Аталган отчеттук мезгилде компаниянын жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң АКШ долларын, ал эми 4,5 жыл ичиндеги таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң АКШ долларын түздү.
Компаниянын жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна 741 млн 298 миң АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөндү.