МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (ЛОГИСТИКА ТОБУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (ЛОГИСТИКА ТОБУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 09 December 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.12.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн логистика тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багытындагы аякталган жогорку билим;
  • MS Office программасын (айрыкча Excel), Outlook менен ишенимдүү колдонуу;
  • Англис жана кыргыз тилдерин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы бар же практика өткөндүгү артыкчылык болуп саналат;
  • Стресске туруктуулук жана коммуникация жөндөмдүүлүк – чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү, ыкыластуулук жана командада иштей билүү.

Милдеттер:

  • Корпоративдик программаларга жана системаларга логистика тууралуу маалыматтарды киргизүү боюнча көмөктөшүү;
  • Ташуучулардын кызмат көрсөтүү боюнча бааларын мониторин кылууга жана анализдөөгө көмөктөшүү;
  • Компаниянын сатып алуу жөнүндөгү Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына ылайык, Компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • Жеткирүүчүлөр менен акыркы колдонуучулардын ортосундагы өз ара байланыштарды колдоо;
  • Жеткирүүлөрдү жана өз ара эсептешүүлөрдү уюштурууга жана көзөмөлдөөгө көмөктөшүү;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого, макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2025-жылдын 22-декабрьда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.